Башкы Жаңылыктар КАЙРЫЛУУ Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү, мамлекеттик органдар …

КАЙРЫЛУУ Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, коммерциялык эмес уюмдар, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулар

15-Дек, 2020

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, коммерциялык эмес уюмдар, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулары

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы № 6 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2021-жылдын 10-январында, жекшемби күнү Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалды.

Белгиленген Мыйзамдын 3-беренесинде добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилүүчү суроонун тѳмѳнкүдѳй баяндалышы бекитилген:

«Сиз Кыргыз Республикасын башкаруунун кандай формасын колдойсуз, «президенттик республика», «парламенттик республика», «баарынга каршы» (тандаган жоопко чарчыда тийиштүү белги коюуңуз).

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен тыкыс ѳз ара аракетте мыйзамдардын сакталышын кѳзѳмѳлдѳѳ, аны даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ коомчулукту маалымдоо каралган.

Кыргыз Республикасынын Конституицясында Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат жана өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат. Эркин шайлоолор менен бирге референдум түздѳн

  • референдум мурда – 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону ѳткѳрүү күнү болуп ѳтѳт.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Референдумдун катышуучуларынын тизмесине 18 жашка чыккан, добуш берген күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоодон ѳткѳрүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон ѳткѳн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга катышууга укуксуз.

Биометрикалык каттоодон ѳтпѳгѳн жарандар бул жол-жободон жашаган жери боюнча Калкты тейлѳѳ борборлорунан (КТБ) жана жарандык абалды каттоо актысы, калкка паспорт берүү жана каттоо органдарынан (Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомстволук түзүмдѳрүнѳн) ѳтсѳ болот.

Референдум Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо күнү чогуу ѳткѳрүлүп жаткандыгынан улам мурда «Тизме» www.tizme.gov.kg. мамлекеттик порталында жана шайлоо участкаларында жайгаштырылган жана күн сайын актуалдаштыруу режиминде турган шайлоочулардын алдын ала тизмеси референдумдун катышуучуларынын алдын ала тизмеси катары колдонулат. Сиз ѳзүңүз жѳнүндѳ маалыматтарды жогоруда кѳрсѳтүлгѳн «Тизме» порталынан шайлоо участкасына келип, ошондой эле 119 номерине кайрылуу менен (телефон чалуу акысыз) тактасаңыз болот.

Кандай гана болбосун каталар же так эместиктер байкалган учурда, ошондой эле референдумдун катышуучуларынын тизмесинде ѳзүңүз жок болгон учурда, Сиз добуш берген күнгѳ чейин 12 календардык күндѳн кеч эмес, б.а. 2020-жылдын 29-декабырына чейин паспорттун (бардык түрдѳгү) кѳчүрмѳсүн тиркеп, белгиленген үлгүдѳгү арыз менен тийиштүү шайлоо комиссиясына кайрылууга укугуңуз бар.

Кыргыз Республикасынын тышкары жашаган же жүргѳн, консулдук эсепте турган жана биометрикалык каттоодон ѳткѳн жаран автоматтык түрдѳ шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилет.

Добуш берген күнү Кыргыз Республикасынын тышкары убактылуу жашаган же жүргѳн жарандар добуш берген күнгѳ чейин 12 календардык күндѳн кеч эмес, б.а. 2020-жылдын 29-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун кѳчүрмѳсүн тиркѳѳ менен, белгиленген үлгүдѳгү арызды тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү аркылуу шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетин билдирүүгѳ укуктуу. Мындай учурда жаран биометрикалык идентификациядан ѳтѳт.

Шайлоо участкасына арыз бергенде жаран биометрикалык идентификациядан ѳтѳт.

Арызды “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу www.tizme.gov.kg сайтына электрондук форматта берсе да болот. Мындай учурда шайлоочу идентификациялоонун бирдиктүү системасынын негизинде авторлоштуруудан ѳтѳт!

Референдумда добуш берген күнү референдумдун катышуучуларынын тизмесине кирген жарандар гана добуш берүүгѳ укуктуу экендигин эсиңиздерге салабыз. Добуш берген күнү – 10-январда, биометрикалык идентификациядан ѳткѳндѳн кийин ар бир катышуучу идентификация тууралуу 2 чек алышат, алар 2 бюллетенге: Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо үчүн бюллетенге жана референдумга добуш берүү үчүн бюллетенге алмаштырылат.

Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү!

«Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Референдумду даярдоону жана өткөрүүнү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укуктарын ишке ашырууну жана коргоону төмөнкүлөр жүзөгө ашырары белгиленген:

1) Борбордук шайлоо комиссиясы;

2) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссиялары (мындан ары - аймактык шайлоо комиссиялары);

  1. шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары жана рефрендумга катышууга укугу бар, жарандардын убактылуу жүргѳн жерлеринде түзүлүүчү участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары - участкалык шайлоо комиссиялары).
  • жана участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо боюнча биринчи кезектеги чараларды кабыл алуусу, Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо жана референдумда жарандардын катышуусунун тартиби жана жол-жоболору боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл.

Рефрендумдун участоктору, алардын схемасы жана чек аралары Кыргыз Республикасынын шайлоолор жѳнүндѳ жана шайлоо комиссиялары тууралуу мыйзамдарына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилерин эстиңиздерге салабыз.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2020-жылы январда 5 жылдык мѳѳнѳткѳ бекитилген шайлоо участоктору, алардын схемасы жана чек аралары ошондой эле референдумдун участкалары катары эсептелинет.

Шайлоо комиссиялары ѳздѳрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө ушул конституциялык Мыйзамды бузуулар жөнүндө аларга келип түшкөн кайрылууларды өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кароого, ошол кайрылуулар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана кайрылууларга жазуу жүзүндө, бирок добуш берүү күнүнүн мурдагы күнүнөн кечиктирбестен 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - жоопторду токтоосуз берүүгө милдеттүү.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары!

«Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга тѳмѳндѳгүдѳй көмөк көрсөтүүгө милдеттүү:

- зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын берүүгѳ;

- жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (стенддерди, үкөктөрдү, добуш берүү үчүн кабиналарды ж.б.), референдум өткөрүү боюнча документтерди жогору турган шайлоо комиссиясына же болбосо архивге бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыз кылууга;

- үзгүлтүксүз телефон, интернет байланыштары, электр (жарык берүү системасы альтернативдүү булакка ээ болууга тийиш) , жылуулук менен жабдууну камсыз кылууга;

- зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды берүүгө;

- референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына жоопторду кечиктирбестен берүүгө, тиешелүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо - 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - токтоосуз жооп берүүгө милдеттүү.

«Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 5-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Пандустардын жана жѳлѳнгүчтѳрдүн болушу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн жеткиликтүүктү камсыз кылуунун жолдорунун бири болуп саналат.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары шайлоочулардын жана рефрендумдун катышуучсуларынын тизмесин тактоо, референдумда жарандардын катышуу тартиби жана добуш берүүсүнүн жол-жоболору боюнча малыматтык-түшүндүрүү иштерин жѳргүзүү боюнча аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ милдеттүү.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү мезгилинде «макул» топторуна, «каршы» топторуна жарандар менен чогулуштарды жана жолугушууларды уюштурууда, эл алдындагы дебаттарда, талаш-тартыштарда, минтингдерде, демонстрацияларда жана жүрүштѳрдѳ бирдей шарттарда кѳмѳктѳшүүгѳ, массалык иш-чараларды ѳткѳрүүдѳ коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.

Үгүт жүргүзүү топторунун тапшырыгы боюнча мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган орун-жайлар менчик ээлери, ээлик кылуучулар тарабынан шайлоо комиссиясы белгилеген убакта үгүт жүргүзүү топторунун шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн акысыз берилет.

Ошондой эле референдумду ѳткѳрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары рефрендум дайындалган күнгѳ чейин 10 календардык күндүн ичинде, б.а. 2020-жылдын 21-декбарына чейин ар бир участканын аймагында басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын жайларды бѳлүүгѳ жана даярдоого милдеттүү.

Урматтуу жарандар, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, коммерциялык эмес уюмдар, референдумдун катышуучулары!

Үгүт жүргүзүүгѳ катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга чыгарылган маселе боюнча «макул» тобун же «каршы» тобун түзүүгѳ укуктуу. Көрсөтүлгөн топтор Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылышат, анда топтун мүчөлөрүнүн, ошондой эле топтун атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын фамилиясы, аты жана атасынын аты, туулган датасы, жашаган жеринин дареги, паспортунун же аны алмаштыруучу документтин сериясы жана номери көрсөтүлүүгө тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен үгүт боюнча топту каттайт.

Демилге тобу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин «макул» тобу, «каршы» тобу финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүн дайындоого укуктуу. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү дайындалгандан кийин «макул» тобу, «каршы» тобу референдумду демилгелѳѳ, референдум ѳнѳктүгүнүн жүрүшүндѳ үгүт жүргүзүү боюнча ѳнѳктүктү каржылоо үчүн ѳзүнүн фонддорун түзүшѳт.

Референдумга коюлган маселе боюнча үгүт жүргүзүү добуш берүү күнүнө чейин 24 саат калганда аяктайт.

Референдум маселеси боюнча тѳмѳндѳгүлѳрдѳ үгүт жүргүзүлүшү мүмкүн:

  1. Телерадио уктуруу уюмдарынын каналдарында жана мезгилдүү басма сѳз басылмаларынын беттеринде;
  2. Массалык иш-чараларды (чогулуштарды, жолугушууларды, эл алдында дебаттарды жана талаш-тартыштарды, митирнгдерди, демонстрацияларды, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кѳчѳ жүрүштѳрүн) ѳткѳрүү аркылуу;
  3. басылма, аудиокѳрүү жана башка үгүт материалдары аркылуу.

Мамлекеттик телерадио уюмдары референдумга коюлган маселе боюнча үгүт жүргүзүү үчүн "макул" топко, "каршы" топко бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

«Макул" топ, "каршы" топ мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында өздөрүнө обо убактысын акысыз алууга укуктуу. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар эң көп аудитория чогулуучу - саат 20-00дөн 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.

Мамлекеттик басма сөз басылмаларынын редакциялары референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн "макул" топту, "каршы" топту А4 форматынын бир бетинен кем эмес өлчөмүндө акысыз басма сөз аянты менен тең шарттарда камсыз кылууга милдеттүү.

Мамлекеттик эмес мезгилдүү басма сөз басылмалары "макул" топко, "каршы" топко басма сөз аянтын акы төлөө менен тең негиздерде берүүгө милдеттүү. Мында басма сөз аянтынын наркы референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин 6 айдан мурда алынып келген нарктан ашуусу мүмкүн эмес.

Телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысы "макул" топко, "каршы" топко бирдей негиздерде фонддун өз фондунан акы төлөө менен, ал эми «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамда каралган учурларда акысыз берилет.

Үгүт жүргүзүүгѳ катышуу үчүн басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн басма сөз аянтын берүүгө даяр экендиги жөнүндө кабарлоо менен, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2020-жылдын 21-декабрына чейин мезгилдүү басма сөздүн тиешелүү редакциясы тарабынан жарыяланууга тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан ѳткѳндѳн кийин жалпыга маалымдоо каражаты үгүт жүргүзүүгѳ катышууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоону жана ѳткѳрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуу үчүн мурда аккредитациядан ѳткѳн жалпыга маалымдоо каражаты аккредитациядан ѳткѳндүгү жана рефрендумду ѳткѳрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуусу жѳнүндѳ КР БШКга жазуу жүзүндѳ маалымдама берүүсү тийиш.

Обо убактысын берүү үчүн акынын өлчөмү "макул" топ жана "каршы" топ үчүн бирдей болууга тийиш."Макул" топко, "каршы" топко берилүүчү акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы референдум дайындалган күнгө чейин 6 ай мурда алынып келген нарктан ашык болуусу мүмкүн эмес.

Макул" топтун жана "каршы" топтун сүйлөп жаткан сөздөрүн бөлүүгө, ошондой эле аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат.

Мамлекеттик, мунгиципалдык кызматчыларга, кызмат орундук жана кызматтык милдеттерин аткарган учурда аскер кызматчыларына; кайрымдуулук уюмдарына жана диний бирикмелерге; шайлоо кломиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ; жарандарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана чет мамлекеттик уюмдарга; жарандыгы жок адамдарга; эл аралык уюмдарга жана эл аралык коомдук кыймылдарга үгүт жүргүзүүгѳ, бардык үгүт материалдарын жайылтууга тыюу салынат.

Үгүт жүргүзүүдѳ социалдык, диний, расалык, улуттук жек кѳрүүчүлүктү жана душмандыкты козгоочу үгүткѳ, бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү күч менен ѳзгѳртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыгына, согушуту пропогандалоого, башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрѳтүн - жана видеоматериалдарын пайдаланууга жолберилбейт.

Рефрендум ѳткѳрүү боюнча комиссиялардын ишлиндеги ачык-айкындыкты жана шайлоо стандарттары боюнча эл аралык милдеттенмелерди сактоо алкагында рефрендумдун жүрүшүнѳ байкоо жүргүзүүдѳ жергиликтүү, эл аралык байкоочулар жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн мыйзамда мүмкүнчүлүк берилет. «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамында жергиликтүү, эл аралык байкоочулардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктары жана милдеттери, ошондой эле аларды дайындоонун жана аккредитациялоонун тартиби кеңири баяндалган.

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, коммерциялык эмес уюмдар, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулары!

Референдум бул мамлекет үчүн, ар бир жеке жаран үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда элдин катышуусунун бир жолу болуп саналат, ал эми мыйзам долбоорлорун бүткүл элдик добуш берүүгѳ – референдумга чыгаруу түздѳн түз укук жаратуу дегенди билдирет.

Шайлоо жана референдумду уюштуруу деңгээлинде, б.а. бардык шайлоо комиссияларында жаңы технологиялардын киргизилиши менен шайлоого катышууну жана добуш берүүнүн жыйынытыктарын бурмалоо мүмкүнчүлүгү дээрлик иш жүзүндѳ жокко чыгарылды. Референдум ѳткѳрүүдѳ мындай технологияларды пайдалануу жапы улуттук добуш берүү процессин акыйкт жана ачык-айкын кылууга жасалган манилүү кадам болду, мында ѳлкѳбүздүн ар жаранынын добушу эске алынып, анык эсептен ѳткѳрүлѳт.

  • тийиштүү пайда болгон суроолор боюнча Сиз шайлоо комиссияларына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабылдамасына кайрылсаңыз болот, алар Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулган, даректери жана телефондору: Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50, № 101 кабинет, тел. + (996 312) 66 02 40, Ош шаары, Ленин кѳчѳсү, 221, № 9 кабинет, тел. (03222) 5 61 87.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы ѳзү тарабынан мыйзамдуулук, ачыктык, кѳз карандысыздык жана акыйкат, рефрендумдун бардык катышуучулары үчүчн ачык болуу принциптеринде ѳз ишин жүзѳгѳ ашырат.

Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы референдумду мыйзамдарга ылайк ѳткѳрүү максатында рефрендумдун бардык уюштуруучуларын жана катышуучуларын мыйзам нормаларын бекем сактоого жана референдумдун башка катышуучулары менен тыкыс аракетте ѳз ара урматтоо жана күйүмдүү болууга чакырат.

«Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык, эгерде референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын 30 пайызынан көбү добуш берүүгө катышса, болуп өттү деп таанылат.

Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун бардык катышуучуларын добуш берүүгѳ активдүү катышып, 2021-жылдын 10-январында добуш берүү күнү референдум участкаларына келип, ѳздѳрүнүн жарандык позициясын билдирүүсүн ѳтүнѳт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, коммерциялык эмес уюмдар, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулары

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы № 6 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2021-жылдын 10-январында, жекшемби күнү Кыргыз Республикасынын башкаруу  формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалды.

         Белгиленген Мыйзамдын 3-беренесинде добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилүүчү суроонун тѳмѳнкүдѳй баяндалышы бекитилген: 

          «Сиз Кыргыз Республикасын башкаруунун кандай формасын колдойсуз, «президенттик республика», «парламенттик республика», «баарынга каршы» (тандаган жоопко чарчыда тийиштүү белги коюуңуз).

           Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен тыкыс ѳз ара аракетте мыйзамдардын сакталышын кѳзѳмѳлдѳѳ, аны даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ коомчулукту маалымдоо каралган.

          Кыргыз Республикасынын Конституицясында Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат жана өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат. Эркин шайлоолор менен бирге референдум түздѳн

Мында референдум мурда – 2021-жылдын 10-январына  дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону ѳткѳрүү күнү болуп ѳтѳт.      

          Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Референдумдун катышуучуларынын тизмесине 18 жашка чыккан, добуш берген күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоодон ѳткѳрүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон ѳткѳн  Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.

          Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга катышууга укуксуз.

         Биометрикалык каттоодон ѳтпѳгѳн жарандар бул жол-жободон жашаган жери боюнча Калкты тейлѳѳ борборлорунан (КТБ) жана жарандык абалды каттоо актысы, калкка паспорт берүү жана каттоо органдарынан (Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомстволук түзүмдѳрүнѳн)  ѳтсѳ болот.

           Референдум Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо күнү чогуу ѳткѳрүлүп жаткандыгынан улам мурда «Тизме» www.tizme.gov.kg. мамлекеттик порталында жана шайлоо участкаларында жайгаштырылган жана күн сайын актуалдаштыруу режиминде турган шайлоочулардын алдын ала тизмеси референдумдун катышуучуларынын алдын ала тизмеси катары колдонулат. Сиз ѳзүңүз жѳнүндѳ маалыматтарды жогоруда кѳрсѳтүлгѳн «Тизме» порталынан шайлоо участкасына келип, ошондой эле 119 номерине кайрылуу менен (телефон чалуу акысыз) тактасаңыз болот.

           Кандай гана болбосун каталар же так эместиктер  байкалган учурда, ошондой эле референдумдун катышуучуларынын тизмесинде ѳзүңүз жок болгон учурда, Сиз добуш берген күнгѳ чейин 25 календардык күндѳн кеч эмес, б.а. 2020-жылдын 29-декабырына чейин паспорттун (бардык түрдѳгү)  кѳчүрмѳсүн тиркеп, белгиленген үлгүдѳгү арыз менен тийиштүү шайлоо комиссиясына кайрылууга укугуңуз бар.

         Кыргыз Республикасынын тышкары жашаган же жүргѳн, консулдук эсепте турган жана биометрикалык каттоодон ѳткѳн жаран автоматтык түрдѳ шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилет.

         Добуш берген күнү Кыргыз Республикасынын тышкары убактылуу жашаган же жүргѳн жарандар добуш берген күнгѳ чейин 15 календардык күндѳн кеч эмес, б.а. 2020-жылдын 29-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун кѳчүрмѳсүн тиркѳѳ менен, белгиленген үлгүдѳгү арызды тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү аркылуу шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетин билдирүүгѳ укуктуу.  Мындай учурда жаран биометрикалык идентификациядан ѳтѳт.

           Шайлоо участкасына арыз бергенде жаран биометрикалык  идентификациядан ѳтѳт.

           Арызды “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу www.tizme.gov.kg сайтына электрондук форматта берсе да болот. Мындай учурда шайлоочу идентификациялоонун бирдиктүү системасынын негизинде авторлоштуруудан ѳтѳт!

         Референдумда добуш берген күнү референдумдун катышуучуларынын тизмесине кирген жарандар гана добуш берүүгѳ укуктуу экендигин эсиңиздерге салабыз.  Добуш берген күнү – 10-январда, биометрикалык идентификациядан ѳткѳндѳн кийин ар бир катышуучу идентификация тууралуу 2 чек алышат, алар 2 бюллетенге: Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо үчүн бюллетенге жана референдумга добуш берүү үчүн бюллетенге  алмаштырылат.

Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын      мүчѳлѳрү!

«Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Референдумду даярдоону жана өткөрүүнү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укуктарын ишке ашырууну жана коргоону төмөнкүлөр жүзөгө ашырары белгиленген:

1) Борбордук шайлоо комиссиясы;

2) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссиялары (мындан ары - аймактык шайлоо комиссиялары);

3) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары жана рефрендумга катышууга укугу бар, жарандардын убактылуу жүргѳн жерлеринде түзүлүүчү участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары - участкалык шайлоо комиссиялары).                       

         Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо боюнча биринчи кезектеги чараларды кабыл алуусу,  Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо жана референдумда жарандардын катышуусунун тартиби жана жол-жоболору боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл.   

         Рефрендумдун участоктору, алардын  схемасы жана чек аралары Кыргыз Республикасынын шайлоолор жѳнүндѳ жана шайлоо комиссиялары тууралуу мыйзамдарына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилерин эстиңиздерге салабыз.

         Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2020-жылы январда 5 жылдык мѳѳнѳткѳ бекитилген  шайлоо участоктору, алардын  схемасы жана чек аралары ошондой эле референдумдун участкалары катары эсептелинет. 

         Шайлоо комиссиялары ѳздѳрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде  референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө ушул конституциялык Мыйзамды бузуулар жөнүндө аларга келип түшкөн кайрылууларды өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кароого, ошол кайрылуулар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана кайрылууларга жазуу жүзүндө, бирок добуш берүү күнүнүн мурдагы күнүнөн кечиктирбестен 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - жоопторду токтоосуз берүүгө милдеттүү.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары!

         «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга тѳмѳндѳгүдѳй  көмөк көрсөтүүгө милдеттүү:

           - зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын берүүгѳ;

           - жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (стенддерди, үкөктөрдү, добуш берүү үчүн кабиналарды ж.б.), референдум өткөрүү боюнча документтерди жогору турган шайлоо комиссиясына же болбосо архивге бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыз кылууга;

          - үзгүлтүксүз телефон, интернет байланыштары, электр (жарык берүү системасы альтернативдүү булакка ээ болууга тийиш) , жылуулук менен жабдууну камсыз кылууга;

          -   зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды берүүгө;

          - референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына жоопторду кечиктирбестен берүүгө, тиешелүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо - 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - токтоосуз жооп берүүгө милдеттүү.

         «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 5-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Пандустардын жана жѳлѳнгүчтѳрдүн болушу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн  жеткиликтүүктү камсыз кылуунун жолдорунун бири болуп саналат.

          Мамлекеттик органдар, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары шайлоочулардын жана рефрендумдун катышуучсуларынын  тизмесин тактоо, референдумда жарандардын катышуу тартиби жана добуш берүүсүнүн жол-жоболору боюнча малыматтык-түшүндүрүү иштерин жѳргүзүү боюнча аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ милдеттүү. 

          Мамлекеттик органдар, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү мезгилинде «макул» топторуна, «каршы» топторуна жарандар менен чогулуштарды жана жолугушууларды уюштурууда, эл алдындагы дебаттарда, талаш-тартыштарда, минтингдерде, демонстрацияларда жана жүрүштѳрдѳ бирдей шарттарда кѳмѳктѳшүүгѳ, массалык иш-чараларды ѳткѳрүүдѳ коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү. 

         Үгүт жүргүзүү топторунун тапшырыгы боюнча мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган орун-жайлар менчик ээлери, ээлик кылуучулар тарабынан шайлоо комиссиясы белгилеген убакта үгүт жүргүзүү топторунун шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн акысыз берилет.

         Ошондой эле референдумду ѳткѳрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары рефрендум дайындалган күнгѳ чейин 10 календардык күндүн ичинде, б.а. 2020-жылдын 21-декбарына чейин ар бир участканын аймагында басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын жайларды бѳлүүгѳ жана  даярдоого милдеттүү.

Урматтуу  жарандар, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, коммерциялык эмес уюмдар, референдумдун катышуучулары!

Үгүт жүргүзүүгѳ катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга чыгарылган маселе боюнча  «макул» тобун же «каршы» тобун түзүүгѳ укуктуу. Көрсөтүлгөн топтор Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылышат, анда топтун мүчөлөрүнүн, ошондой эле топтун атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын фамилиясы, аты жана атасынын аты, туулган датасы, жашаган жеринин дареги, паспортунун же аны алмаштыруучу документтин сериясы жана номери көрсөтүлүүгө тийиш.

           Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен үгүт боюнча топту каттайт.

           Демилге тобу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин «макул» тобу, «каршы» тобу финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүн дайындоого укуктуу. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү дайындалгандан кийин «макул» тобу, «каршы» тобу референдумду демилгелѳѳ, референдум ѳнѳктүгүнүн жүрүшүндѳ үгүт жүргүзүү боюнча ѳнѳктүктү каржылоо үчүн ѳзүнүн фонддорун түзүшѳт.

         Референдумга коюлган маселе боюнча үгүт жүргүзүү добуш берүү күнүнө чейин 24 саат калганда аяктайт.

         Референдум маселеси боюнча тѳмѳндѳгүлѳрдѳ үгүт жүргүзүлүшү мүмкүн:

  1. Телерадио уктуруу уюмдарынын каналдарында жана мезгилдүү басма сѳз басылмаларынын беттеринде;
  2. Массалык иш-чараларды (чогулуштарды, жолугушууларды, эл алдында дебаттарды жана талаш-тартыштарды, митирнгдерди, демонстрацияларды, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кѳчѳ жүрүштѳрүн)  ѳткѳрүү аркылуу;
  3. басылма, аудиокѳрүү жана башка үгүт материалдары аркылуу.

           Мамлекеттик телерадио уюмдары референдумга коюлган маселе боюнча үгүт жүргүзүү үчүн "макул" топко, "каршы" топко бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

            «Макул" топ, "каршы" топ мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында өздөрүнө обо убактысын акысыз алууга укуктуу. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар эң көп аудитория чогулуучу - саат 20-00дөн 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.

         Мамлекеттик басма сөз басылмаларынын редакциялары референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн "макул" топту, "каршы" топту А4 форматынын бир бетинен кем эмес өлчөмүндө акысыз басма сөз аянты менен тең шарттарда камсыз кылууга милдеттүү.

           Мамлекеттик эмес мезгилдүү басма сөз басылмалары "макул" топко, "каршы" топко басма сөз аянтын акы төлөө менен тең негиздерде берүүгө милдеттүү. Мында басма сөз аянтынын наркы референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин 6 айдан мурда алынып келген нарктан ашуусу мүмкүн эмес.

         Телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысы "макул" топко, "каршы" топко бирдей негиздерде фонддун өз фондунан акы төлөө менен, ал эми «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ»  конституциялык Мыйзамда каралган учурларда акысыз берилет.

           Үгүт жүргүзүүгѳ катышуу үчүн басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн басма сөз аянтын берүүгө даяр экендиги жөнүндө кабарлоо менен, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2020-жылдын 21-декабрына чейин мезгилдүү басма сөздүн тиешелүү редакциясы тарабынан жарыяланууга тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан ѳткѳндѳн кийин жалпыга маалымдоо каражаты үгүт жүргүзүүгѳ катышууга укуктуу. 

Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоону жана ѳткѳрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуу үчүн мурда аккредитациядан ѳткѳн жалпыга маалымдоо каражаты  аккредитациядан ѳткѳндүгү жана рефрендумду ѳткѳрүүнү маалыматтык  чагылдырууга катышуусу жѳнүндѳ КР БШКга жазуу жүзүндѳ маалымдама берүүсү тийиш. 

Обо убактысын берүү үчүн акынын өлчөмү "макул" топ жана "каршы" топ үчүн бирдей болууга тийиш."Макул" топко, "каршы" топко берилүүчү акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы референдум дайындалган күнгө чейин 6 ай мурда алынып келген нарктан ашык болуусу мүмкүн эмес.

           Макул" топтун жана "каршы" топтун сүйлөп жаткан сөздөрүн бөлүүгө, ошондой эле аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат.

          Мамлекеттик, мунгиципалдык кызматчыларга, кызмат орундук жана кызматтык милдеттерин аткарган учурда аскер кызматчыларына; кайрымдуулук уюмдарына жана диний бирикмелерге; шайлоо кломиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ; жарандарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана чет мамлекеттик уюмдарга; жарандыгы жок адамдарга; эл аралык уюмдарга жана эл аралык коомдук кыймылдарга үгүт жүргүзүүгѳ, бардык үгүт материалдарын жайылтууга тыюу салынат.

          Үгүт жүргүзүүдѳ социалдык, диний, расалык, улуттук жек кѳрүүчүлүктү жана душмандыкты козгоочу үгүткѳ, бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү күч менен ѳзгѳртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыгына, согушуту пропогандалоого, башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин  сүрѳтүн - жана видеоматериалдарын пайдаланууга жолберилбейт. 

         Рефрендум ѳткѳрүү боюнча комиссиялардын ишлиндеги ачык-айкындыкты жана шайлоо стандарттары боюнча эл аралык милдеттенмелерди сактоо алкагында рефрендумдун жүрүшүнѳ байкоо жүргүзүүдѳ жергиликтүү, эл аралык байкоочулар жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн мыйзамда мүмкүнчүлүк берилет. «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамында жергиликтүү, эл аралык байкоочулардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктары жана милдеттери, ошондой эле аларды дайындоонун жана аккредитациялоонун тартиби кеңири баяндалган. 

Урматтуу  жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары,  саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, коммерциялык эмес уюмдар, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулары!

Референдум бул мамлекет үчүн, ар бир жеке жаран үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда элдин катышуусунун бир жолу болуп саналат, ал эми мыйзам долбоорлорун бүткүл элдик добуш берүүгѳ – референдумга чыгаруу түздѳн түз укук жаратуу дегенди билдирет.

         Шайлоо жана референдумду уюштуруу деңгээлинде, б.а. бардык шайлоо комиссияларында жаңы технологиялардын киргизилиши менен  шайлоого катышууну жана добуш берүүнүн жыйынытыктарын бурмалоо мүмкүнчүлүгү дээрлик иш жүзүндѳ жокко чыгарылды.  Референдум ѳткѳрүүдѳ мындай технологияларды пайдалануу жапы улуттук добуш берүү процессин  акыйкт жана ачык-айкын кылууга жасалган манилүү кадам болду, мында ѳлкѳбүздүн ар жаранынын добушу эске алынып, анык эсептен  ѳткѳрүлѳт.

  • Референумга тийиштүү пайда болгон суроолор боюнча Сиз шайлоо комиссияларына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабылдамасына кайрылсаңыз болот, алар Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулган, даректери жана телефондору: Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50, № 101 кабинет, тел. + (996 312) 66 02 40, Ош шаары, Ленин кѳчѳсү, 221, № 9 кабинет, тел. (03222) 5 61 87.

         Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы ѳзү тарабынан мыйзамдуулук, ачыктык, кѳз карандысыздык жана акыйкат, рефрендумдун бардык катышуучулары үчүчн ачык болуу   принциптеринде ѳз ишин жүзѳгѳ ашырат.

         Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы референдумду мыйзамдарга ылайк ѳткѳрүү максатында рефрендумдун бардык уюштуруучуларын жана катышуучуларын мыйзам  нормаларын бекем сактоого жана референдумдун башка катышуучулары менен тыкыс  аракетте ѳз ара  урматтоо жана күйүмдүү болууга чакырат.

         «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык, эгерде референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын 30 пайызынан көбү добуш берүүгө катышса, болуп өттү деп таанылат.

         Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун бардык катышуучуларын добуш берүүгѳ активдүү катышып, 2021-жылдын 10-январында добуш берүү күнү референдум участкаларына келип, ѳздѳрүнүн жарандык позициясын билдирүүсүн ѳтүнѳт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>