Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту

19-Ноя, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-ноябрындагы өз жыйналышында жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Түп, Токмок, Кадамжай, Араван жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кылды.

Түп району, Ысык-Көл облусу:

  • Арал айылдык кеңеши – Аштыкбаев Нурбек Бейшенович өз арызы боюнча ыйгарым укуктарын токтотту. Бош мандат врач-педиатр Исаев Сапарбек Уркасымовичке өткөрүп берилди.

Токмок шаары, Чүй облусу:

  • Токмок шаардык кеңеши – Исманов Самат Жекшеналиевич (№37),  “Республика – Ата Журт” деп. фракциясы, өз арызы боюнча ыйгарым укуктарын токтотту.

Кадамжай району, Баткен облусу:

  • Марказ айылдык кеңеши – Абдырашитов Жаркыналы Аскарович өз арызы боюнча ыйгарым укуктарын токтотту. Бош мандат кароолчу Шерматов Акматали Маматысаковичке өткөрүп берилди.

Араван району, Ош облусу:

С. Юсупов айылдык кеңеши:

  • Моминова Кандалатхон Жоробаевна – каза болгонуна байланыштуу ыйгарым укуктарын токтотулду. Бош мандат “Обид Файз” ЖЧК директору Маннанов Бобир Абдукахаровичке өткөрүп берилди.
  • Хомидов Кобилжон Юлчиевич – каза болгонуна байланыштуу ыйгарым укуктарын токтотулду. Бош мандат “Президент” дыйкан чарбсынын мүчөсү Козибаев Хотамжон Абдумаликовичке өткөрүп берилди.

Кара-Суу району, Ош облусу:

Отуз-Адыр айылдык кеңеши:

  • Аликулов Таалайбек Абдырзакович – өз арызы боюнча ыйгарым укуктарын токтотту. Бош мандат убактылуу иштебеген Кожомбердиев Таалайбек Усеналиевичке өткөрүп берилди.

Жоош айылдык кеңеши:

  • Джантороев Бакытбек Ахмедович – каза болгонуна байланыштуу ыйгарым укуктарын токтотулду. Бош мандат “Асфальт-Бетон Групп” ЖЧК директору Сулайманов Данияр Каныбековичке өткөрүп берилди.
  • Жакыпов Памирбек – каза болгонуна байланыштуу ыйгарым укуктарын токтотулду. Бош мандат “Кыргыз Телекомдун” Ош облустук филиалынын инженери Мамасалиев Тологон Абдималиковичке өткөрүп берилди.

Түп, Токмок, Кадамжай, Араван жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алышкан.

БШК “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык токтом чыгарды.

БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>