Башкы Жаңылыктар БШК жана ПРООН КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого …

БШК жана ПРООН КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктарды талкуулашты

11-Ноя, 2020

КР шайлоо жана референдум боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын башчысынын 2021-жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн баалоо боюнча ПРООНдун миссиясы менен жолугушуусу болуп өттү. Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын демократизациялоо процессин ар тараптан колдоо көрсөткөнүнө КРнын БШКнын башчысы Н.Шайлдабекова ыраазычылык билдирди.

  • айлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыздоо алкагында ПРООН тарабынан алгачкы жолу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жарандардын укугун камсыздоодо чоң жумуш аткарылды. Ведомство аралык атайын “мобилдик топтор” түзүлүп, жарандарды консулдук каттого тургузуу жана биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча 5 чет өлкөнүн 35 шаарында маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдө жашаган жарандар үчүн акысыз “ишеним телефондору” иштеди. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар колл-борборлорго оператор катары тартылганын өзгөчө көңүлгө алууга болот. Аткарылган иштердин натыйжасында чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын тизмеси 13 321ден 32 602 шайлоочуга көбөйтүлдү», - деди КР БШКнын башчысы, бул ишти Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоонун алкагында улантуу маанилүү экендигин баса белгиледи. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаштардын жана аялдардын шайлоого катышуусун күчөтүү боюнча ишке ашкан аракеттер жарыяланды. “2019-жылы мыйзамдуу бекитилген аялдар үчүн 30% квотаны эске алып 2021-жылдын апрелине белгиленген 448 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо консолидациялангандыгын, КР БШК аялдардын өлкөнүн саясий турмушуна катышуусун жогорулатуу боюнча чараларды күчөтүүнү пландаштырууда. Ошондой эле, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын камсыз кылуу боюнча бир топ иштер жасалды. Жергиликтүү бийлик майыптар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Ошондой эле, ДМЧА үчүн сайттардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо прокуратура тарабынан көзөмөлдөнөт », - деп белгиледи Н.Шайлдабекова. Жолугушууда республиканын шайлоо тутумун, анын ичинде шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдууларды ПРООНдун колдоосу белгиленди. 2020-жылдагы пандемияга байланыштуу, парламенттик шайлоондо шайлоочуларды идентификациялоочу жабдыктарды жаңыртуу мүмкүн болгон жок, бирок бүгүнкү күндө курама шаймандардын жалпы муктаждыктын 1/5 бөлүгүн сатып алуу пландаштырылууда. Ошондой эле, шайлоо мыйзамдары, АБСнын иштеши жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн биометрикалык идентификациялоочу жабдуулар боюнча масштабдуу тренингдерди өткөрүү, талкууланды. Өткөн парламенттик шайлоону даярдоодо ПРООНдун колдоосу менен камсыздалган шайлоо процессиндеги каржылык ачык-айкындуулук маанилүү учур болду. “Партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн каржылык ачыктыкты камсыз кылуу боюнча окуу иш-чаралары уюштурулду. Бүгүнкү күндө фискалдык органдар декларацияда көрсөтүлгөн кирешелеринен көбүрөөк өлчөмдө салым кошкон адамдардан акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын текшерип жаткандыктан, бул иш мультипликативдик натыйжа берет. Процедуралык пункттарды иштеп чыгуу үчүн шайлоо өнөктүктөрүнүн каржылык ачык-айкындуулугу боюнча иш алдыдагы президенттик өнөктүккө ылайыкташтырылып жатат», - деди КР БШКнын башчысы. Парламенттик шайлоону талкуулоонун жүрүшүндө Коопсуздук Кеңешинин жана шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын отурумдарында добуштарды сатып алуу жана административдик ресурстарды колдонуу коркунучу жөнүндө БШК өз убагында эскерткендиги белгиленди. Ошол эле учурда, укук коргоо органдары шайлоо учурунда келип түшкөн мыйзам бузуулардын белгисине таянып, тергөө иштерин аягына чыгарышкан жок.

«Эгерде биз ички жана тышкы тобокелчиликтер жөнүндө айта турган болсок, анда добуш берүүнүн ишенимдүү натыйжаларын камсыз кылуу менен, ички тобокелдиктер жок кылынат, кезек шайлоочуларга пара берүү жана административдик ресурстарды пайдалануу сыяктуу тышкы тобокелдиктерди жөнгө салууга туура келет. Добуштарды саноонун ишенимдүүлүгү добуштарды сатып алуунун жогорку деңгээлине алып келди. Бүгүнкү күндө Өкмөт менен шайлоо мыйзамдарын бузууга натыйжалуу чара көрүүгө басым жасоо менен, шайлоо комиссияларына президенттик шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү үчүн Штаб түзүлөт деген келишим түзүлдү », - деди КР БШКнын башчысы. Кыргыз Республикасынын БШКнын мүчөсү Т.Шайназаров шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн дагы күч-аракет жумшалганын белгиледи. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары мен, 10 жыл бою коомчулуктан татыктуу сын-пикирлер берилет - деп эсептедим, бирок БШКнын мүчөсү болуп КР БШКсынын башкы принциби "Бир жаран - бир добуш" экенине ынандым – деди ал.

Жолугушууда эл аралык өнөктөштөрдүн шайлоо процессинин бардык катышуучуларын жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоосу өзгөчө талкууланды. ПРООНдун Шайлоо боюнча кеңешчиси Джанпьерро Катоцци таасирдүү жумуш чогуу аткарылды деп белгиледи.

«КР БШК тарабынан шайлоо жогорку деңгээлде өттү, муну эл аралык байкоочулардын билдирүүлөрү дагы ырастайт. Миссия ПРООН эң натыйжалуу колдоо көрсөтө турган аймактарды изилдейт. Ошондой эле донорлор тарабынан мүмкүн болуучу колдоолор талкуулоо жүргүзүлөт », - деди ал.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>