БШК КР ИИМ маалыматын эске алды

28 сентября 2020

Бүгүн – 2020-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында “Фейсбук” социалдык тармагында жарыяланган видео боюнча (Нарын облусунун Нарын районунун Орто-Нура айылы) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы угулду.

Жыйналыштын жыйынтыгында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ИИМдин маалыматын эске алып, ИИМдин жетекчилигинин жана башка күнөөлүү жактардын ишти кароо мөөнөтү тартиби боюнча жоопкерчилиги тууралу өкмөткө кайрылуу жиберди.