Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамын ишке ашырууга киришти
01 июля 2011
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамын ишке ашырууга киришти
Бүгүн 1-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Күн тартибине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жыргалбек Саматовдун россиялык жарандыгына, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын күчүнө киришине тиешелүү ж.б. ар түрдүү маселелер коюлду.
Жыйналышка чакырылган депутат Ж.Саматовдун келбей калгандыгына байланыштуу анын россиялык жарандыгына тиешелүү маселе дүйшөмбү, 4-июлга жылдырылды.
БШКнын төрагасы А.Сариев “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын күчүнө кириши - өлкөбүздүн шайлоо системасын реформалоонун башталышы болуп эсептелерлигин белгиледи. Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын бирдиктүү шайлоо системасын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары түзөт.
Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын резерви ушул мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып түзүлөт. Мыйзамга ылайык, аймактык, участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдары көрсөтүшөт. Ушуга байланыштуу жыйналышта жогоруда көрсөтүлгөн субъектилерге аймактык, участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча КР БШКнын кайрылуусу бекитилди.
Алдыда боло турган президентик шайлоого байланыштуу төрага А.Сариев шайлоону даярдоо мезгили 30-июнда парламент кабыл алган шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна кол коюлган учурдан тартып башталарлыгын белгиледи.
Жыйналыштын аягында төрага А.Сариев БШКнын жаңы курамын шайлоо, комиссиянын мындан аркы иш пландары жана алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
