Акыркы парламенттик шайлоодо КР БШКсы шайлоочулардын тизмесинин санын атайын 200 миң шайлоочуга көбөйттү деген айып негизсиз деп табылды.
30 июня 2011
“Общественный рейтинг” газетасынын 2011-жылдын 12-майындагы №18 (528) санындагы “Политжайлоо” бөлүмүндө “Общественный рейтинг” газетасынын кабарчысы Нурдин Дүйшөнбековдун “7-апрель Жаштар кыймылы” партиясынын теңтөрагасы, Кыргызстан партияларынын жалпы улуттук конгрессинин мүчөсү Мирлан Бекитаев менен “Чтобы все признали президентские выборы легитимными, нужно завершить реформу избирательного законодательства” деген аталыштагы интервьюсу жарыяланган.
Интервьюда М.Бекитаев “...Акылбек Сариев башында турган БШК шайлоочулардын тизмесин 200 миң адамга көбөйтүп жибергендиктен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы парламентке өтпөй калды. Боршайлоокомдун чечими иш жүзүндө аталган партияны Жогорку Кеңешке шайлаган шайлоочулардын эркин басмырлады” деп белгилеген.
Ушуга байланыштуу БШК мүчөлөрү Жеңишбек Акматов, Айнура Абдыкалыкова, Рашид Бекбасаров, Абдысамат Баялинов, Мурадил Джанжалбеков, Эрик Ирискулбеков, Михаил Корсунский, Антонина Ли, Абдымомун Мамараимов төрага А.Сариев менен бирдикте Бишкек шаарынын Свердлов районунун сотуна доо арыз менен кайрылышкан. Өзүнүн доо арызында А.Сариев менен бирдикте КР БШК мүчөлөрү М.Бекитаевдин жогорудагы билдирүүсү чындыкка дал келбейт жана алардын ишкердик аброюуна шек келтирүүдө деп белгилешкен.
Ишкердик абройду коргоо жөнүндө БШК мүчөлөрүнүн доо арызы боюнча соттун кезектеги 2011-жылдын 30-июнундагы отурумунда тараптар жарашуу макулдашуусун түзүштү, ага ылайык жооп берүүчүлөр “Общественный рейтинг” газетасына 12.05.2011. №18 (528) жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбегендигин тастыкташты жана “Общественный рейтинг” газетасынын жакынкы санында КР БШК төрагасы А.Сариевдин жана КР БШК мүчөлөрүнүн ишкердик аброюна шек келтирген маалыматтарды төгүнгө чыгарууга милдеттеништи. Жооп берүүчүлөр ошондой эле массалык маалымат каражаттары аркылуу доочулардан кечирим суроого милдеттеништи. Жогорудагы айтылгандардын негизинде сот тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
