Башкы Жаңылыктар Шайлоо учурунда шайлоо кампанияларынын каржылануусун чагылдыруудагы ЖМКнын ролу …

Шайлоо учурунда шайлоо кампанияларынын каржылануусун  чагылдыруудагы ЖМКнын ролу жөнүндө коомдук диалог болду

21-Авг, 2020

21-августта КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте “Шайлоо учурундагы шайлоо кампанияларынын каржылануусун  чагылдыруудагы ЖМКнын ролу” деп аталган коомдук диалог өткөрдү.  

Бул иш-чара Кыргызстандагы ПРООНдун жардамы менен, КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо кампаниясын каржылоонун ачыктыгы боюнча билим берүү долбоорун ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.

Коомдук диалогдун башкы максаты – ЖМК жана Интернет-басылмалардын өкүлдөрү менен шайлоонун жыйынтыгынын ишенимдүү жана сапаттуу болушуна түздөн-түз жана бир топ таасир тийгизген шайлоо кампанияларынын каржылануусундагы маселелерди талкуулоо болду.

Катышуучуларга КР БШК төрайымынын орун басары А. Бегматов, ПРООНдун шайлоону колдоо программасынын улук кеңешчиси Ю. Шипилова жана “Жарандык платформа” коомдук фондунун жетекчиси А. Усупбекова кайрылышты.

БШК төрайымынын орун басары А. Бегматов шайлоо процессиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана Интернет-басылмалардын ойной турган чоң ролу тууралуу айтып берди. “ЖМКлар шайлоочуларга аң-сезимдүү тандоого жардам беришет, шайлоо процессинин бардык кызыкдар тараптарынын ортосунда коммуникациялык функцияны аткарышат. Керек болсо ЖМК шайлоочуларга маалымат берип гана тим болбой, шайлоонун ачыктыгын, мыйзамдуулугун, жана аныктыгын да камсыз кыла алат”, - деди ал.

ПРООНдун шайлоолорду колдоо боюнча программасынын улук кеңешчиси Ю. Шипилова өз сөзүндө саясатта шайлоочу кандай тандоо жасай тургандыгына акча чоң роль ойной тургандыгын белгиледи. “ЖМК жана Интернет-басылмалар саясый партиялар кандай каржыланып жаткандыгы, алар каражатты эмнеге коротуп жаткандыгы боюнча обьективдүү жана калыс маалымат берип туруулары абдан маанилүү. Бул шайлоочуларга аларга шайлоо кампанияларын каржылоодо кандай ыкманы кабыл ала алуу же кабыл ала алышпай тургандыгы боюнча толук картинаны ачып билүүгө жана кайсы саясый күчтү колдоо керектигин аң-сезим менен тандоого жардам берет”, -деди Ю. Шипилова.

“Жарандык платформа” коомдук фондунун директору А. Усупбекова демократиялык укуктук коомду, күчтүү жарандык коом курууда, өткөрүлүп жаткан реформалардын ачык-айкындыгын камсыздоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң экендигин белгиледи. Өзгөрүүлөр тууралуу, өлкөдөгү бардык көйгөйлөр тууралуу ошондой эле чечүүнү талап кылган бардык маселелер боюнча маалыматтарды жарандар ЖМК аркылуу алып турушат деди.

“Шайлоо кампанияларынын каржылануусун талкуулоо биздин өлкөдө жакында эле пайда болду. Катышуучулардын көпчүлүгү  талапкерлердин шайлоо фонддорунун отчеттуулугу жана негизги концепциялары менен тааныш эмес. Ошондуктан бүгүнкү диалог саясый каржылоонун концепцияларын талкуулоо, бардык кызыкдар тараптар шайлоо кампанияларын каржылоонун негизги эрежелерин түшүнүүсү үчүн, шайлоо учурундагы талапкерлердин отчеттуулугунун так механизмдери бере турган ачык маалыматтар менен мониторинг кылуу билимин алса болот. Биздин журналисттик коомчулукта мамлекеттик саясатка жетүү жана жарандарга саясат жана акча тууралуу, каражаттын шайлоо жыйынтыгына таасири жөнүндө маалымат берүүдө мыкты мүмкүнчүлүктөр пайда болду”, - деди А. Усупбекова.

Ошондуктан биринчи коомдук диалог ишке кирип, анын аркасы менен бардык журналисттер үчун тренингдер өтүп, ага ачык маалыматтар менен иштей билүү жөндөмдөрүнө ээ болууну каалагандар катышып, бул жарандарга партиялардын фонддорунун булактары, ал каражаттардын сарпталышы тууралуу маалымат берүүгө жардам берет.

Спикерлер катышуучуларга айткан сөздөрүндө КР Жогорку Кеңешине шайлоону акыйкаттык менен чагылдыруудагы ЖМК ролу тууралуу, шайлоо кампаниясын каржылоо тууралуу, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун каржылануусунун ачыктыгы боюнча, шайлоону өткөрүүдө шайлоо фонддорунун каражаттарынын сарпталышынын түзүлүшү тууралуу кенен айтып беришити.

Маалымат үчүн:

Бардык ыкчам маалыматтарды, БШК жыйындары жана видеосабактарды төмөнкү ресурстардан алууга болот.

Телеграм – ШАЙЛО2020 - https://t.me/joinchat/AAAAAEV_8i0N_XlH1Q-XJQ

Инстаграм – tsik_kyrgyzstan - https://www.instagram.com/tsik_kyrgyzstan/

Youtube – Центризбирком КР - https://www.youtube.com/channel/UC4Hhg8dK8khbhuCO8JaBj6w

Facebook – Центральная избирательная комиссия КР - https://www.facebook.com/shailoo.kg/

Одноклассники - https://ok.ru/profile/576521764242

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>