Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 10-августтагы жыйналышында «Замандаш» саясий партиясынан ыйгарым укуктуу өкүлдөр У.А. Адамалиевдин жана А.А. Бектурганованын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим «Замандаш» СПдан 6-августта келип түшкөн мурда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү кайра чакырып алуу жана жаңы өкүлдөрдү дайындоо жөнүндө билдирмесинин негизинде кабыл алынды.
«Замандаш» саясий партиясынан Шайымкулова Айнура Токтогуловна шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары катталды.
«Замандаш» саясий партиясынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абылова Гульнара Буларбековна катталды.