Каракол, Ат-Башы жана Сүлүктү АШКларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

10 августа 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 10-августтагы жыйналышында Каракол, Ат-Башы жана Сүлүктү АШКларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Каракол АШК мүчөсү Э.У. Чымыровдун шайлоо комиссиясынын курамынан өз каалоосу боюнча чыгуу жөнүндө арызынын негизинде Э.У. Чымыров АШК курамынан чыгарылды. Анын ордуна резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Дж.У. Сатыбалдиева киргизилди.

Ат-Башы АШКда башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу У.Т.Алиев комиссиянын курамынан чыгарылды. Ошондой эле АШКнын жыйналыштарына 10дон ашык жолу катышпаган Б.А. Алакунов комиссиянын курамынан чыгарылды. Алардын ордуна комиссиянын курамына резервден комиссиянын К.А. Сабитакунов жана Т.Т. Ажыбаев киргизилди, экөө тең жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.

Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын курамына үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча АШК курамынан чыгарылган Д. Патта кызынын ордуна резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Бекаева З.А. киргизилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү