2020–ж. 10-августа өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

10 августа 2020

долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН

КҮН ТАРТИБИ

 

                                                                                         Өткөрүү датасы: 10 август 2020-ж.

                                                                                         Убактысы: 14.00

                                                                                         Өткөрүлүүчү жери:  отурумдар залы

 

1.  Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай, Кашка-Суу жана Араван районунун Керме-Тоо айыл аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

 

2. Каракол, Ат-Башы жана Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

 

3. «Замандаш» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

 

4.«Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

 

5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы №41 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби жөнүндө”  Жобого  өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу

(баяндамачы Абдысатаров Т. З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)

 

6. Бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдардын тизмегин бекитүү тууралуу

(баяндамачы Абдысатаров Т. З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)

 

 

7. 2020-жылдын 7-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районунун            Жаңы-Алыш  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө.

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

 

8. Ар түрдүү маселелер

 

ТӨРАГА