Улан Бакиров Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

07 августа 2020

Ушул жылдын 7-августунда КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Кемин районунун акими - администрация башчысынын 2020-жылдын 15-июлдагы тиешелүү буйругу менен аталган айыл өкмөттүн мурдагы башчысы Таштанбек Ибраимов өз арызы боюнча кызматтан бошотулган.

"Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18- беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине, "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык, КР БШКсы 2020-жылдын 7-августуна саат тогуздан он экиге чейин Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындаган.
Бир добуштан берилген чечим менен Улан Кундузбаевич Бакиров аталган айыл өкмөттүн башчысы болуп шайланды.

Шайлоо санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди эске алуу менен (1,5-2 метрлик аралыкты сактоо, бир жолку маскаларды тагынуу, колдорду антисептик менен тазалоо) уюштурулуп өткөрүлдү.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү