Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳрүндѳ “Буткул жаштар саясий партиясы” саясий партиясынын жетекчиси Т.С. Мейманалиев кол койгон кабарлама келип түштү.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Жакшылыков Руслан Жээнтаевичти, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары ИКасымбаев Адилет Кубанычбековичти дайындаган.
Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.
КР БШК маалымат бѳлүмү