Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин он беш депутатынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин он беш депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

28-Ноя, 2019

2019-жылы 28-ноябрда КР БШК Балыкчы, Түп, Ат-Башы, Алай, Баткен шаардык, Баткен жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Төмөнкү депутаттар өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:

Баткен облусу:

Маркаев Каланбек (“КСДП” фракциясы, №5, Баткен шаардык кеңеши). Мандат Баткен шаардык АШК чечими менен саясий партиянын тизмесинен №15 талапкер Ганыев Арзыбекке өткөрүп берилди.

Раимкулов Аширбай (“Кыргызстан” фракциясы, №1, Баткен шаардык кеңеши). Мандат Баткен шаардык АШК чечими менен саясий партиянын тизмесинен №7 талапкер Самидинов Мирзаабдуллага өткөрүп берилди.

Ахмедова Зулфия (“Кыргызстан” фракциясы, №4, Баткен шаардык кеңеши). Мандат Баткен шаардык АШК чечими менен саясий партиянын тизмесинен №5 талапкер Тешебаев Умарбекке өткөрүп берилди.

Дадабаев Сирожиддин (Лейлек районунун Сумбул айылдык кеңеши). Талапкер  жок болгондуктан мандат бош калды.

Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу төмөнкү депутаттар өз арыздары боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:

Ысык-Көл облусу:

Ибраев Жениш (“Республика – Ата-Журт” фракциясы, №10, Балыкчы шаардык кеңеши). Мандат Балыкчы шаардык АШК чечими менен саясий партиянын тизмесинен №11 талапкер Касымакунов Бактиярга өткөрүп берилди.

Бөлөков Актилек (Түп районунун Түп айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Урмамбетову Асылбекке өткөрүп берилди.

Нарын облусу:

Осмонов Давлет (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Дуйшеке уулу Сталбекке өткөрүп берилди.

Сейитказиев Эрлан (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Байтемиров Бекназарга өткөрүп берилди.

Барыктабасов Кайратбек (Ат-Башы районунун Кара-Суу айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Самтыров Максатбекке өткөрүп берилди.

Баткен облусу:

Турдалиев Саатбек (Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Марданаев Кадырга өткөрүп берилди.

Каза болгонуна байланыштуу төмөнкү депутаттардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду:

Ош облусу:

Мусаева Венера (Алай районунун Жошолу айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Чолпонкулов Базаралиге өткөрүп берилди.

Калмаматов Алтынбек (Алай районунун Сары-Таш айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жолдошова Айидага өткөрүп берилди.

Баткен облусу:

Шарапов Данияр (“Өнүгүү Прогресс” фракциясы, №4, Баткен шаардык кеңеши). Мандат Баткен шаардык АШК чечими менен саясий партиянын тизмесинен №9 талапкер Туранбаеву Кубанычбекке өткөрүп берилди.

Абдухалиев Абдурахим (“Республика – Ата-Журт” фракциясы, №1, Исфан шаардык кеңеши). Мандат Лейлек АШК чечими менен саясий партиянын тизмесинен №11 талапкер Комилов Абдурасулга өткөрүп берилди.

Төмөнкүлөр жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен өз каалоосу боюнча чыгарылды:

Баткен облусу:

Талапкер Ташкожоева Тоту Каримовна (“Кыргызстан” с/п, №6, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Умарова Буважар Абдипаттаевна (“Кыргызстан” с/п, №9, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Айдарова Мисилимхан Давлатовна (“Кыргызстан” с/п, №12, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Мапаева Паризат Тургунбаевна (“Кыргызстан” с/п, №15, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Жолдошова Алмахан (“Кыргызстан” с/п, №18, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Сыдыкова Гулбарахан Абыталиевна (“Кыргызстан” с/п, №21, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Айдарова Махамат Ганиевна (“Кыргызстан” с/п, №24, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Джураева Мархамат Анарбаевна (“Кыргызстан” с/п, №27, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Шерматова Олимпиада Таштемировна (“Кыргызстан” с/п, №30, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Жунусова Нурзада Абдикалыковна (“Кыргызстан” с/п, №33, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Садирова Кайры (“Кыргызстан” с/п, №36, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Эшанкулова Райхан Рахмановна (“Кыргызстан” с/п, №39, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Козубаева Гульмира Таирбековна (“Кыргызстан” с/п, №42, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Ташова Марзия Матисаковна (“Кыргызстан” с/п, №45, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Пазылова Санавар Каримовна (“Кыргызстан” с/п, №46, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Маматисаев Тойчубек Акматович (“КСДП” с/п, №14, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши);

Талапкер Салямов Насурилла Насуруллаевич (Лейлек районунун Сумбул айылдык кеңеши).

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>