2019-жылы 22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алдын ала жыйынтыктары

23 сентября 2019

2019-жылы 22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү.

Саруу айылдык кеңешине 79 талапкердин ичинен бардыгы 21 депутат шайланды. 4 шайлоо участогундагы добуш берүү участоктук шайлоо комиссияларынын (УШК) 40 мүчөсү тарабынан уюштурулду.

Добуш берүүгө 1 797 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 5 193 шайлоочунун жалпы санынан 34,6%ды түздү.

Добуш берүү күнү талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 17 байкоочу байкоо жүргүздү.

Добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө бузуулар жөнүндө арыздар жана даттануулар түшкөн жок.

№1 Саруу шайлоо округу.

7 депутат шайланды. Катталган 32 талапкердин 3өө аял, 29у эркек. Бардыгы 602 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 742 шайлоочунун жалпы санынан 34,56%ды түздү. 8 байкоочу байкоо жүргүздү.

№2 Санаторий шайлоо округу.

7 депутат шайланды. Катталган 28 талапкердин 8и аял, 20сы эркек. Бардыгы 637 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 697 шайлоочунун жалпы санынан 37,54%ды түздү. 8 байкоочу байкоо жүргүздү.

 №3 Чабалдаев шайлоо округу.

7 депутат шайланды. Катталган 19 талапкердин 5өө аял, 14ү эркек. Бардыгы 558 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 1 754 шайлоочунун жалпы санынан 31,81%ды түздү. 1 байкоочу байкоо жүргүздү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык шайлоонун натыйжаларын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участоктук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү