Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү аяктады

22 сентября 2019

Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү аяктады.

Саат 20.00дө шайлоо участокторун жабуу учурунда бардыгы 1 797 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге киргизилген шайлоочулардын жалпы санынын 34,6%ын түзөт.

Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 5 193 шайлоочу киргизилген.

Добуш берүү аяктагандан кийин бардык байкоочулар Автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) жыйынтыктоочу протоколдорун колдоруна алышат, чекти басып чыгарды, ал протоколдор контактысыз режимде шайлоо сайтына (http://ess.shailoo.gov.kg) түшөт жана шайлоо жөнүндө бүт маалымат участоктор, округдар боюнча көрүп туруу үчүн кирүүгө ачык болот.

Бардык шайлоо участокторунда добуштарды милдеттүү түрдөгү кол менен эсептөө башталды. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө шайлоочулардын добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда добуш берүү аяктаары менен башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Кол менен эсептөө аяктаган соң кол менен саноонун протоколдордун көчүрмөлөрү бардык байкоочуларга берилет. Ачык айкындуулук жана көзөмөлдөө максатында кол менен эсептөө жөнүндө протоколдун, идентификацияланган шайлоочулар жөнүндө жыйынтыктоочу отчеттун АЭУдан сканерленген көчүрмөлөрү шайлоонун сайтында чагылдырылат.

Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого  шайлоочулардын келүүсү жана алдын ала натыйжалар жөнүндө Сиз төмөнкү шилтеме боюнча маалымат алсаңыз болот.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү