Ыкчам чара көрүүчү координациялык топ билдирүүдө: Саруу айыл аймагынын шайлоо участокторунда абал тынч
22 сентября 2019
Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун маалыматы боюнча Жети-Өгүз районунун Саруу айыл аймагынын шайлоо участокторунда абал тынч.
Шайлоочулар, жарандык коом тарабынан бузуулар жөнүндө маалымат түшкөн жок.
Бүгүн, 2019-жылы 22-сентябрда Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүп жатканын эске салабыз. Бардыгы 21 депутатты шайлоо болот. Добуш берүү 4 шайлоо участогунда өтүүдө.
Маалымат үчүн:
2019-жылдын 8-августундагы редакциясындагы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда шайлоо комиссиялары тарабынан борбордук жана аймактык деңгээлдерде ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлүүгө тийиш. Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун негизги иш-милдеттери шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү жана көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарды маалымдоо болуп саналат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
