Саруу айыл аймагынын 91 жаштагы тургуну шайлоого катышты
22 сентября 2019
Бүгүн, 22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл аймагынын шайлоо участокторунда эң улгайган шайлоочулар, ошондой эле шайлоого алгач ирет катышып жаткан жаш шайлоочулар биринчилерден болуп добуш беришти:
- №2 Санаторий шайлоо округунда – 91 жаштагы Мамытова Софья жана 18 жаштагы Кубанычбекова Нагима;
- №3 Чабалдаев шайлоо округунда – 85 жаштагы Дүйшекеев Орузбай жана 18 жаштагы Кадракунов Кылымбек;
- №1 Саруу шайлоо округунда – 82 жаштагы Сатинов Бекболот жана 19 жаштагы Достукбекова Тахмина.
22-сентябрда Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатканын эске салабыз.


КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
