Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн 4 шайлоо участогу ачылды
22 сентября 2019
Бүгүн, 2019-жылы 22-сентябрда Саруу айыл аймагында Саруу айылдык кеңешинин 21 депутатын шайлоо болот.
Эртең менен саат 8:00дө Саруу айыл аймагында 4 шайлоо участогу ачылды. Бардык участоктор зарыл жабдык, техника, маалыматтык материалдар менен жабдылган. Жергиликтүү мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттешүүнүн натыйжасында электр энергиясы, жабдуу, телефон жана интернет байланыштар менен үзгүлтүксүз камсыздалган.
Шайлоочулардын тизмесине 5 193 шайлоочу киргизилген. Зарыл сандагы шайлоо бюллетендери даярдалып, участоктук шайлоо комиссияларына өткөрүп берилген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 8-августундагы №102 ПЖ Жарлыгы менен 2019-жылдын 22-сентябрына Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалганын эске салабыз.


КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
