Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өткөрүлдү

21 сентября 2019

Бүгүн, 2019-жылы 21-сентябрда 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өткөрүлдү.

Шайлоочулардан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү ниети жөнүндө бардыгы 3 шайлоочудан арыз түшкөн, алардын ичинен 2 шайлоочу добуш берди, 1 шайлоочу шайлоочулардын тизмесинде жок болгондуктан добуш бере алган жок.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 2-пунктуна ылайык добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү