Башкы Жаңылыктар КР Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты К.Асановдун …

КР Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты К.Асановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

21-Апр, 2011

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асанов Курсан Сатаровичтин ыйгарым укуктарын депутататтык ыйгарым укуктарды аткарууга мүмкүн болбогон кызматка өткөндүгүнө байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мурда белгилүү болгондой К.Асанов КР Премьер-министринин буйрутмасы менен КР ички иштер министринин орун басары болуп дайындалган.

Боршайкомдун бүгүнкү жыйналышында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан” (СДПК) партиянын тизмесинде кезектеги Иманкожоева Эркингүл Бекбабачаевна катталды. Боршайкомдун жыйналышында Э.Иманкожоевага күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылды.

Мындан тышкары Боршайкомдун жыйналышында 2011-жылдын 17-апрелинде мыйзам чегинде өткөн Ош, Баткен жана Талас областарынын 6 райондорундагы 13 жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. 171 мандатка 35 округдан жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 376 талапкер көрсөтүлгөн. Добуш берүү күнүнө чейин депутаттыкка 5 талапкер өзүлөрүнүн кандидатураларын алып салышкан. Натыйжада ар бир орунга орточо 2,16 талапкер ат салышкан.

Ош облусу боюнча 206 талапкер катталган, алардын 192си өзүн өзү көрсөткөндөр, саясый партиялардан болгону 14 талапкер көрсөтүлгөн, Талас облусу боюнча 76 талапкер көрсөтүлгөн, алардын 68и өзүн өзү көрсөткөн, саясый партиялардан-8, Баткен облусу боюнча 94 талапкер катталган, алардын 65и өзүн өзү көрсөткөндөр, 29 талапкер саясый партиялардан көрсөтүлгөн. Шайлоочулардын эң активдүүлүгү Талас облусунда-59,45% байкалган, Ош облусунда 47,08%, Баткен облусунда 39,32%.

Талас облусунда шайланган депутаттардын 4 “СДПК” партиясынан көрсөтүлгөн, Ош облусу боюнча 7 депутат “Республика” партиясынан көрсөтүлгөн, Баткен облусу боюнча 15 депутат шайланып, 11и “Ата Журт” партиясынан, 3 “Бүтүн Кыргызстан” жана 1 “Республика” партиясынан».

Жыйналышта БШК төрагасы Акылбек Сариев Жогорку Кеңештин депутаты Саматов Жыргалбек Алимбаевичтин жарандуулугу тууралу маселени айтты. БШК төрагасы белгилегендей тийиштүү ведомстволордон расмий документтерди алганга чейин маселе ачык бойдон калат.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>