Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп Кутушев Абдыманап Орозбаевич катталды
31 января 2012
Бүгүн, 2012-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин
1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Атаджанов Сабир Садыкджанович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу менен айкалышпаган кызматка дайындалгандыгына байланыштуу, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
БШКнын башка токтомуна ылайык, Кутушев Абдыманап Орозбаевич “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды.
Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасын түзүүнүн жана колдонуунун тартиби жөнүндө” жоболор КР БШКнын мүчөлөрү тарабынан токтомдор менен бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
