“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондусунун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн, чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Нускама бекитилди

25 января 2012

Бүгүн, 2012-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өтөкрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында КР БШК мүчөлөрү 5 маселени карап чыгышты.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 55-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондусунун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн, чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Нускаманы бекитти.

КР БШК токтому менен талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун жана 2012-жылдын 4-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан  талапкерлердин шайлоо фондусунун атайын эсебин ачуу үчүн  банктык мекеме болуп “РСК Банк” ААКсы аныкталды.

“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 - беренесинин 2, 4, 8, 15-бөлүктөрүнө 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 10-бөлүгүнүн 1, 2, 6, 10-пункттарына, жана 2011-жылдын 8-июлундагы ”Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 7 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Ош, Жайыл, Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун, Сузак, Токмок, Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде,  аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн арыздарынын, ошондой эле 2011-жылдын 22, 23-июлундагы чучукулак боюнча протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алышты.  Жыйынтыгында, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын, Чүй облусунун Токмок, Ысык-Ата, Жайыл, Кемин, Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын, Бишкек шаарынын Биринчи май аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан сырткары, КР БШКсы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясын түзүү боюнча токтом кабыл алды.

Жыйналышта,  Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги жөнүндө кабарлоо формасы бекитилди, ал шайлоочууга жеке маалыматтарын так экендигин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы