Атамбаев Алмазбек Шаршенович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна расмий түрдө киришти

01 декабря 2011

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 58-беренесине ылайык, бүгүн, 2011-жылдын 1-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президентине шайланган Атамбаев Алмазбек Шаршенович расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна киришти. КР БШК төрагасы Т.Абдраимов инаугуарация аземинде А.Атамбаевге мыйзамга ылайык Кыргыз Респуликасынын Президентинин күбөлүгүн, төш белгисин жана Штандартын (желегин) тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрында өткөндүгүн эскерте кетмекчибиз. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-ноябрындагы № 418 токтомуна ылайык 62,52%,  тактап  айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добушунун жарымынан көбүн алган Атамбаев Алмазбек Шаршенович Кыргыз Республикасынын Президентигине шайланган. 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы