Башкы Жаңылыктар КР БШКнын шайлоочуларга жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө Кайрылуусу!

КР БШКнын шайлоочуларга жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө Кайрылуусу!

23-Апр, 2019

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – АШК) курамы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) 2017-жылдын 18-апрелиндеги №93 токтому менен түзүлүп, 2 жылга бекитилген.

Учурда Жалал-Абад АШКнын жаңы курамын түзүү үчүн резервде саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөр зарыл санда болбой жатат.

Ушуга байланыштуу БШК Жалал-Абад АШКнын резервине саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү жөнүндө кулактандырат.

Мыйзамга ылайык АШК тийиштүү АШКнын резервинде турган адамдардан он бир мүчөдөн кем эмес курамда эки жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. АШКнын резерви 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт.

АШК шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыздоочу коллегиялуу орган болуп саналат. АШКнын курамында иштөө жооптуу жана андагы иш шайлоо мыйзамдарга ылайык так жүргүзүлөт.

Ушуга байланыштуу АШКнын резервине талапкерлерди көрсөтүү учурунда жарандардын өздөрүнүн макулдугун, алардын ишке даярдыгынын даражасын, шайлоо комиссияларында иш тажрыйбасын эске алуу зарыл.

Жарандардын, коомдук бирикмелердин чогулуштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын кол тамгалары менен ырасталышы зарыл. Протоколго чогулуштун катышуучуларынын жашаган жерлери көрсөтүлүп, алардын кол тамгалары менен ырасталган тизмеси тиркелүүгө тийиш.

Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКга саясый партиянын жетекчисинин (же чогулуштун төрагасынын) кол тамгасы жана мөөр менен ырасталган тийиштүү документ берилет.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:

- талапкердин АШКда иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын ченемдерин сактай турганы жөнүндө милдеттенмеси;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баяны (кадрларды каттоо баракчасы же резюмеси);

- байланыш маалыматтары: жашаган дареги, телефон номурлары.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык төмөнкүлөр АШКга мүчө боло албайт:

- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

- шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен терс негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар.

Талапкерди көрсөтүү субъектилери шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тийиштүү калк жашаган пункттун аймагында жашоосу керек экенин эске алуу зарыл.

АКШнын резервине жарандардын, коомдук бирикмелердин чогулуштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органында (Жалал-Абад шаардык кеңеш) 2019-жылдын 20-майынын саат 18-00үнө чейин кабыл алынат. Жалал-Абад шаардык кеңеш сессияда каралган документтерди (сессиянын токтомун сунушталган талапкерлердин тизмесин тиркөө менен) Жалал-Абад АШКга өткөрөт. БШКнын Жалал-Абад АШКдагы атайын өкүлү документтердин бүт пакетин БШКга берет.

АШКнын резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2019-жылдын 20-майынын саат 18-00үнө чейин саясий партиянын жетекчи органынын өкүлү тарабынан БШКга берилет.

“Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболор менен БШКнын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышууга болот.

Маалымат алуу үчүн телефону: (0312) 66-01-18, (0312) 66-01-16.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>