Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2011-жылдын 17-апрелинде жергиликтүү Кеңештердин депутаттардын шайлоого 12 эларалык байкоочуларды акредиттеген
13 апреля 2011
“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6-жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2011-жылдын 17-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоого акредиттөө тууралуу берилген арыздарга ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 12 эларалык байкоочуларды:
БДИПЧ/ОБСЕ миссиясынан 4 байкоочуну;
Эларалык республикалык институттан (IRI) 2 байкоочуну;
Америка Кошмо Штаттарынан 4 байкоочуну;
Улуттук демократиялык институттан (НДИ) 2 байкоочуну акредиттеген.
