Грузиядагы президенттик шайлоого Кыргыз Республикасынын делегациясы эл аралык байкоочу катары катышууда

28 октября 2018

Грузиядагы президенттик шайлоого КР БШК төрагасынын орун басары А.Эшимов, КР БШК мүчөсү К.Осмоналиев жана КР ЖК депутаты С.Айдаров эл аралык байкоочу катары катышууда.

Грузияда президенттик шайлоо бүгүн, 2018-жылдын 28-октябрында өтүп жатат. Бул, Грузия эгемендикке ээ болгон 1991-жылдан бери жетинчи жолу өтүп жаткан президенттик шайлоо. Президент 5 жылдык мөөнөт менен шайланат.

КР БШК төрагасынын орун басары, Миссиянын башчысы А.Эшимов,Грузиядагы президенттик шайлоо шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча жалпы кабыл алынганэл аралык укуктук принциптеринин негизинде өтүүдө деп белгилейт.

Маалымат үчүн: 2017-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, бул шайлоо түз шайлоо аркылуу өтүп жаткан акыркы президенттик шайлоо. Кийинки шайлоо Шайлоо коллегиясынын 300 мүчөсүнүн добуш берүүсү менен өткөрүлөт.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү