БР БШК шайлоочу-аскер кызматчыларынын добуш берүү тартибин бекитти

11 октября 2011

Бүгүн, 2011-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевден 2011-жылдын 10-октябрында түшкөн билдирүү каралып, катталган талапкердин ишенимдүү адамы Солтонбекова Алиса Карыпбековнанын ыйгарымдары токтотулду.

КР БШКнын мүчөлөрү ушул эле жыйында шайлоочу-аскер кызматчыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскердик бөлүктүн карамагындагы аймакта жашаган башка шайлоочулардын добуш берүү тартибин толуктоолор менен бекитти.

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы