Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын …

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын 2011 – жылдын 10 – октябрына карата жүгүртүүлөрү жөнүндө отчет

10-Окт, 2011

Талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын пайдаланылышын жана так эсепке алынышын, түшүүлөрдүн булактарын контролдоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин финансылык отчетторун текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдында Контролдук – текшерүү тобу түзүлгөн. Аталган топтун жетекчиси болуп КР БШК мүчөсү Асаналиев Алмаз Турдакунович эсептелет.

“Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41 – беренесинин 12 – пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акчалай каражаттарды чыгымдоонун ачыктыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Контролдук – текшерүү тобу 2011 – жылдын 10– октябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акчалай каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндөгү төмөндөгү маалыматты жайгаштырат.

№

Ф.А.Ж. 

Шайлоо фондунун атайын эсебиндеги акча каражаттары 

(сом менен)

 
 
 
 

Түшкөнү

Чыгымы

Калдыгы

 

1

АБДЫЛДАЕВ АРСТАНБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВИЧ

4 008 000

3 959 133

48 867

 

2

АЙТИКЕЕВ АКБАРАЛЫ ЫСЫРАЙЫЛОВИЧ

410 500

400 432

10 068

 

3

АСАНБЕКОВ ТЕМИРБЕК ИШЕНБАЕВИЧ

220 000

210 696

9 304

 

4

АТАМБАЕВ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ

33 400 000

22 550 906

10 849 094

 

5

БАЙБОЛОВ КУБАТБЕК КАЛБЕКОВИЧ

10 275 000

10 015 240

259 760

 

6

БАКИР УУЛУ ТУРСУНБАЙ

2 380 500

1 528 351

852 149

 

7

ДЫЙКАНОВ СООРОНБАЙ САБЫРОВИЧ

482 000

478 468

3 532

 

8

ЖАПАРОВ АКЫЛБЕК УСЕНБЕКОВИЧ

200 000

195 470

4 530

 

9

ИСАБЕКОВ КУБАНЫЧБЕК САТИНДИЕВИЧ

5 045 800

4 802 260

243 540

 

10

ИМАНКУЛОВ МАРАТ МУКАНОВИЧ

390 300

376 137

14 163

 

11

КАЛМАТОВ АНАРБЕК БАРАТОВИЧ

6 420 000

4 559 142

1 860 858

 

12

КАРИМОВ АЛМАЗБЕК ТАШПОЛОТОВИЧ

237 850

180 399

57 451

 

13

КОЛУБАЕВ ТОРОБАЙ КУНАЗОВИЧ

100 200

100 200

0

 

14

МАДУМАРОВ АДАХАН КИМСАНБАЕВИЧ

19 673 580

19 064 781

608 798

 

15

МАСАЛИЕВ ИСХАК АБСАМАТОВИЧ

195 000

100 471

94 529

 

16

МАТУБРАИМОВ АЛМАМБЕТ

199 000

190 393

8 607

 

17

МЕДЕТБЕКОВ ШАМШЫБЕК ОСМОНКУЛОВИЧ

121 000

118 697

2 303

 

18

ОМОРОВ РОМАН ОМОРОВИЧ

154 850

117 658

37 192

 

19

ОСМОНОВ КУРМАНБЕК ЭРГЕШОВИЧ

493 500

472 463

21 037

 

20

СУВАНАЛИЕВ ОМУРБЕК ИСАКОВИЧ

2 855 000

2 640 155

214 845

 

21

ТАШИЕВ КАМЧИБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ

9 122 290

8 592 337

529 953

 

22

ТОКТОГАЗИЕВ ЖУМАБЕК КЕМЕЛОВИЧ

131 000

100 393

30 607

 

23

ТЮЛЕЕВ НАРИМАН ТАШБОЛОТОВИЧ

500 000

480 404

19 596

 

 

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>