Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна дагы 4 талапкерди каттады

06 октября 2011

Бүгүн, 2011-жылдын 6-октябрында кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жана Тил боюнча комиссиянын корутундуларынын, шайлоо күрөөсүн кошкондугун тастыктоочу документтин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен талапкерликке өзүн өзү көрсөткөндөр Колубаев Төрөбайды жана Айтикеев Акбаралыны, ошондой эле “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) Прогрессивдүү-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Турсунбай Бакир уулун жана “ 7-апрель Жаштар кыймылы” партиясы көрсөткөн Тюлеев Нариманды Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып каттады.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов жогоруда көрсөтүлгөн катталган талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгүн тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катышуу ниетин билдиришкен Арабаев Калыбекти жана Сооданбеков Уланбекти, Ошондой эле “Жашасын Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Уметалиева Токтайымды жана “Асаба” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дыйканов Салмоорбекти шайлоочулардын  аларды колдоого жарактуу кол тамгаларынын санынын жетишсиздигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып каттоодон баш тартты.

Ушул эле жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер: Осмонов Курманбектин – 6, Атамбаев Алмазбектин – 32, Ташиев Камчыбектин – 100, Мадумаров Адахандын – 1663, Байболов Кубатбектин – 7 жана Суваналиев Өмүрбектин – 16 ишенимдүү адамдары катталды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахандын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  Борбордук шайлоо комиссиясындагы өкүлү кылып Алымкулов Мыктарбек Сатылгановичти каттады.

Күн тартибинин кийинки маселесинде КР БШКнын мүчөлөрү  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин 2011-жылдын 2-сентябрындагы билдирүүсүнүн негизинде талапкердин ишенимдүү адамы Мусабекова Жылдыз Аманбековнанын ыйгарымдарын токтотту.

Ушул эле жыйында   “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2, 5, 7-бөлүктөрүнө,  “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин  1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык,  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү И.Ы.Жолдубаеванын “Саясат пресс” газетасынын мыйзамсыз агитациялык иш-аракеттерине бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын зарыл чараларды көрүү өтүнүчү менен КР БШКга келген ходатайствосунун (кириш № 22, 30.09.2011-ж.) негизинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече жолу бузгандыгы үчүн бул мезгилдүү басма сөз каражатына расмий түрдө эскертүү берди. БШКнын Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелерин контролдоо боюнча жумушчу тобу “Саясат пресс” газетасына ушул жылдын 15-сентябрында жазуу жүзүндө эскертүү жарыялагандыгын эскертебиз.

 

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы