Башкы Жаңылыктар БШК саясий партияларга “Шайлоо” МАС маалыматтарын талдоо жүргүзүүнү …

БШК саясий партияларга “Шайлоо” МАС маалыматтарын талдоо жүргүзүүнү сунуш кылды

15-Окт, 2010

Участкалык шайлоо комиссияларынан алынган протоколдордун көчүрмөлөрүнүн маалыматтарынын “Шайлоо” (МАС) Мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматтары менен кээ бир шайкеш келишпестикке байланыштуу саясий партиялардан келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы бул маалыматтарды талдоо жүргүзүүнү чечти.

Бул максатта, бүгүн,  15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын демилгеси боюнча БШК мүчөлөрүнүн 2010-жылдын 10-октябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.  Жолугушууда Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларга аларда болгон протоколдордун  көчүрмөлөрүнүн маалыматтарын “Шайлоо” МАСга киргизилген маалыматтар менен салыштыруу жүргүзүүнү сунуш кылды. Саясий партиялардын өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча алар БШКга шайлоо комиссияларынан алынган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун көчүрмөсүн беришет.     

 

Протоколдордун көчүрмөлөрүн алган соң, Борбордук шайлоо комиссиясы бул протоколдорго киргизилген маалыматтарды “Шайлоо” МАСтын маалыматтары менен салыштырууну жүргүзөт. Мында, БШК партиялардын жана шайлоочулардын көңүлүн  БШКга берилген протоколдордун көчүрмөлөрү тийиштүү түрдө таризделиши керектигине бурат. Тактап айтканда, саясий партиялар БШКга аларга участкалык шайлоо комиссиялары берген, алардын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн протоколдордун көчүрмөлөрүн берет. Бул протоколдорго  өз кезегинде тийиштүү  участкалык шайлоо  комиссияларынын мүчөлөрүнүн  колтамгасы коюлушу жана бул шайлоо комиссияларынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.

 Борбордук шайлоо комиссиясы,  протоколдордун көчүрмөлөрүнүн маалыматтарын “Шайлоо” МАС маалыматтары менен салыштыруу боюнча аракеттер  колдонуудагы мыйзамдарда каралган эместигин жана бул БШКнын демилгеси боюнча гана “Шайлоо” МАСга киргизилген маалыматтардын участкалык шайлоо комиссияларында саясий партиялардын өкүлдөрүнө берилген маалыматтар менен шайкеш эместиги боюнча себептерин аныктоо  максатында бул маалыматтарды талдоо үчүн жүргүзүлөөрүн белгилейт.

 

 

Борбордук шайлоо  комиссиясы добуш берүүнүн жүрүшү жана добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматтар “Шайлоо” МАСга шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн киргизилээрин жана бул маалыматтардын юридикалык күчү жок экендигин эске салат.  2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун расмий натыйжалары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бардык облустук шайлоо комиссияларынан (Бишкек, Ош шаарлары) алынган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдору иштетүүдөн өткөндөн кийин гана аныкталат.  

 

Протоколдордун көчүрмөлөрү коштоочу кат менен БШКнын имаратында 407-бөлмөдө саат 9. 00дөн тартып 20.00 го чейин кабыл алынат. Маалымат үчүн телефон: (312) 664862

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>