Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

15 сентября 2017

2017-жылдын 15-сентябрында КР БШКнын жыйынында   айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. 

Берген арзына байланыштуу В.Алымжанова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органы)  Түп аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды;

М.Асыпбаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.  

          Берген арызына байланыштуу Жаныбек к. А (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды;

Н.Алибекова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органы)  резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.

Берген арызына байланыштуу А. Карымбаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды;

Ш. Дуйшебаев  (Кыргызстан социал-демократиялык партиясы) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү