Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы эл аралык 66 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
Эл аралык байкоочу катары A-WEB, Беларусь, Грузия, Россия мамлекеттеринин БШКларынын өкүлдөрү, ошондой эле КМШ Миссиясынын тутумунда Өзбекстан, Татарстандын БШКларынын өкүлдөрү, Түркиянын Жогорку шайлоо кеңшинин мүчөлөрү, ЕККУнун коопсуздук боюнча эксперттери, Түрк тилдүү мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблея Миссиясынын башчысы, ТүркПА Миссиясынын тутумунда Казакстан Мажилисинин мүчөсү, Кытай эл республикасынын тышкы иштер министрлигинин делегациясы, Кыргыз Республикасындагы Канада Элчилигинин саясат боюнча кеңешчиси жана Норвегиядагы Гронинген университетинин студенттери аккредитациядан өттү.
2017-жылдын 15-сентябрына карата Борбордук шайлоо комиссиясы 37 мамлекеттен эл аралык 172 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулардын толук тизмеси менен ушул шилтеме боюнча таанышсаңыздар болот.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү