Башкы Жаңылыктар 17 сентября состоялось четвёртое заседание Комиссии по языку

17 сентября состоялось четвёртое заседание Комиссии по языку

17-Сен, 2011

Бүгүн, 2011 – жылдын 17 – сентябрында Тил боюнча комиссиянын төртүнчү жыйналышы болуп өттү. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында курамы 12 кишиден турган Тил боюнча комиссия түзүлгөн.

Бул жыйналышта чүчүкулак жолу менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кафедра башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек Сейдакматович Маразыков төрага болду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Марат Иманкуловду, Анарбек Калматовду, Торобай Колубаевди жана Өмүрбек Эгембердиевди жыйындын төрагасы КР БШКнын 2011-жылдын 27-июлундагы №57 токтому менен бекитилген “Тил боюнча Комиссия жөнүндө” Жобо менен тааныштырды.

Жобого ылайык, биринчи тапшырма боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер 30 мүнөттүн ичинде өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын жазуу түрүндө чагылдырып берүүлөрү керек.

Экинчи тапшырманы аткарууга, талапкерлер алфавиттик тизме боюнча чакырылышты.Талапкерлер өздөрүнүн шайлоо алдындагы негизги жоболорун кезектешип,15 мүнөттөн айтып беришти.

Үчүнчү тапшырма боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер “Тил боюнча комиссиянын” Жоболорунун талаптарына ылайык 3 беттен турган текстти окуп беришти.

Тил боюнча комиссия талапкерлердин жазуу иштерин текшерип жана айтып бергендерин, ошондой эле көркөм адабияттардан окуп берген үзүндүлөрүн угуп,талапкердин ар бирине  өз өзүнчө баа беришти. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин төртөө тең: Марат Иманкулов, Анарбек Калматов, Торобай Колубаев, Өмүрбек Эгембердиев – мамлекеттик тилди билет деген чечим чыгарылды.

Тил боюнча комиссиянын кийинки жыйналышы эртең, 18 – сентябрда саат 10.00 дө башталат.

Мамлекеттик тилди билүү боюнча түзүлгөн графикке ылайык, эртең Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна  талапкерлер: Кубанычбек Исабеков, Арсланбек Малиев, Алмамбет  Матубраимов, Шамшыбек Медетбеков жана Роман Оморов экзамен тапшырышат.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>