Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясынын катчысы, Нарендра Нат Бутолиа: “Шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо процессти ушундай жогорку кесиптик уюштуруусу менен, быйылкы жылдагы Кыргызстандагы Президенттик шайлоо дагы жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем”
30 мая 2017
29-майда Индия Шайлоо комиссиясынын өкүлү 28-майда өткөн 41 жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өткөрдү.
Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясынын катчысы Нарендра Нат Бутолиа жана Пенджаб штатынын Шайлоо комиссиясынын башчысы Виджай Кумар Сингх Чүй облусунун Кемин шаарында жана Жан-Арык, Кызыл-Октябрь, Ак-Бекет айылдарындагы шайлоо участокторунда добуш берүүгө байкоо жүргүзгүзүштү.
Индиядан келген байкоочулар шайлоо комиссияларынын кесипкөйлүгүн белгилешти жана ар бир шайлоо комиссиясы орточо алганда бир шайлоочуну биометриялык каттоодон баштап бюллетенди алып, автоматтык эсептөө урнага салганга чейин 2-3 минутанын ичинде тейлөөгө жетишкендигин катташты.
“Шайлоонун жүрүшүндө эч кандай бузуулар болгон жок. Ар бир шайлоо участкада мен саясий партиялардын өкүлдөрүн жана байкоочуларды көрүп жаттым. Шайлоо тынч, таза жана ачык өткөндүгүн белгилеп кетким келет"- деп билдирди Виджай Кумар Сингх.
Индиялык байкоочулар ар бир шайлоо участканын техникалык жабдылышынын деңгээлине таң калышып, “Ар бир шайлоо участогунда бирден автоматтык эсептөө урнасы, биометриялык каттоо үчүн техника жана экиден компьютер тургандыгы Кыргызстан шайлоо системасына олутуу инвестиция жасагандыгын көрсөтүп турат"-деп белгилешти.
БШК Аппаратынын маалыматтык бөлүмү





