БШК жана Европа Советинин Венециан комиссиясынын эксперттери шайлоо процесинин алкагында адам укугу, талаш-тартышты чечүү жана арыздарды кароо боюнча талкуу уюштурушту. (фоторепортаж)
17 мая 2017
Бүгүн 17-майда Венециан комиссиясы КР БШКнын мүчөлөрү жана кызматчылары үчүн эл аралык тажрыйбанын негизинде шайлоо процессиндеги талаш-тартышты чечүү жана арыздарды кароо боюнча семинар өткөрдү.
Семинардын катышуучуларына Борборшайлоокомдун төрагсы Н. Шайлдабекова, Европа Советиндеги Венециан комиссиясынын долбоорунун менеджери Светлана Анисимова куттуктоо сөз сүйлөштү.
Латвия Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Европа Советиндеги Венециан комиссиясынын эксперти Арнис Цимдарс семинардын катышуучуларына «Латвия тажрыйбасына обзор жана шайлоо процессинин алкагында талаш-тартышты чечүү жана арыздарды кароонун жакшы практикасы» аттуу темадагы докладынын бет ачарын өткөрдү.
Европа Советинин Венециан комиссиясынын эксперти, юридика илимдеринин кандидаты, адвокат Сергей Кальченко семинардын катышуучуларын шайлоо мыйзамдуулугу жана шайлоо талаш-тартыштарын чечүү багытындагы Европа Советинин стандарттары менен тааныштырды.
БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү






