Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо фондун түзбөгөн …

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо фондун түзбөгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодон чыгарды

05-Сен, 2011

Бүгүн, 5-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Аманылло Иминовдун арызынын негизинде “Кыргыз Республикасынын Жогорку К еңешинин депутатын каттоо” жөнүндөгү 2011-жылдын 29-июлунда кабыл алынган №60 токтомун жокко чыгарды.

Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттарын, өздөрүн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана КР ЖК мандаттарынан баш тартышкандыгына байланыштуу арыздары канааттандырылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен “Республика” саясий партиясынан Эшимов Акылбек КР ЖК депутат болуп катталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын белгиленген үлгүдөгү төш белгисин жана күбөлүгүн тапшырды. Бүгүнкү жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер Уланбек Сооданбеков, Нариман Тюлеев, Акбаралы Айтикеев, Сооронбай Дыйканов, Адахан Мадумаров, Кубанычбек Апасов, Кубатбек Байболов, Роман Оморов, Жамбыл Камчиев, Зарылбек Кудабаев, Турсунбай Бакир уулу, Анарбек Калматов, Өмүрбек Текебаевдердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде Камчиев Авангард Жамбылбековичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жамбыл Камчиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоодон баш тартты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тил комиссиясынын сынактарын өткөрүү графигин бекитти. Сынактар 2011-жылдын сентябрь айынын 7- 24үнө чейин аптанын шаршемби, бейшемби, ишемби, жекшемби күндөрү өтөт. Эскерте кетсек, сынакка кол коюлган барактарын көрсөткөн жана белгиленген тартипте шайлоо күрөөсүн алып келген гана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлери киргизилет.

Бул жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоодогу шайлоочулардын кол тамгаларынын тактыгын текшерүү жөнүндөгү суроону карап чыгып,

бул процедура 10 % чүчүкулак тандабай алуу жолу менен ишке ашырыларын тактады. Белгилей кетсек ушул токтом 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин күчүндө болот.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн эсепке алуу жана чыгымдоо тартиби жөнүндөгү суроону өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитти. 

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын 2008-жылдын 5-октябрында өткөн Бишкек шаардык кеңешинин №2-Жал жана №7-Тоголокмолдо шайлоо округдары боюнча Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндөгү токтомду кабыл алышты. Айта кетсек Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 110 токтому менен М.А.Назарматовдун арызын карап чыгуу боюнча Жумушчу тобу түзүлгөн. Жогоруда белгиленгендердин негизинде №2-Жал шайлоо округу боюнча С.Г.Загинайло, К.А.Узакбаев, Э.Р.Рыскулов, Э.Э.Сыдыков, №7-Тоголокмолдо шайлоо округу боюнча Т.К.Табалдиев, А.В. Завьялова ,Т.Ю.Роткина, Т.Н.Исаковдор Бишкек шаардык кеңешинин мөөнөтүнөн мурда чыгарылган депутаттары болуп эсептелсин.

Бул жыйналышта, 2011-жылдын 9-октябрына белгиленген Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй областтарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө жана даярдыктарга керектелүүчү чыгымдардын божомолдуу сметасы 4 120 800 (төрт миллион жүз жыйырма миң сегиз жүз) сом менен бекитилди.

Ошондой эле жыйналышта 2011-жылдын 19-августунда кабыл алынган № 164 жана №165 токтомдордун аткаруу тартиптеринин токтотулушу жөнүндөгү чечим кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 4-пунктунун 7-бөлүгүнө туура келгендей, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн 7-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Куттубек Асылбеков, Бийназар Бердикеев, Толон Дыйканбаев, Жаныш Рустенбеков, Полотбек Кенжекулов, Мадияр Кулуев, Арстанбек Осоев, Алмаз Парманов, Айбек Садыков, Нишанбай Сулайманкулов жана Сазыкбай Турдумалиев өздөрүнүн шайлоо фондуларын түзбөгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндөгү токтомду кабыл алды.

            Ошентип, 2011-жылдын 5-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси 67 кишини түздү.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы   

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>