Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Елена Дубровина менен жолугушту

02-Сен, 2011

Бүгүн, 2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Кыргызстанга иш сапары менен келген Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Елена Дубровина жана РФ БШК аппаратынын тышкы байланыштар Башкармалыгынын бөлүм башчысы Игорь Евланов менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар биздин өлкөдөгү шайлоо алдындагы процесстер жана шайлоо системасынын мыйзамдык негиздери жөнүндөгү маселелерди талкуулашты.

Меймандар шайлоо системадагы жаңы мыйзам жөнүндөгү маселеге кызыгышты. КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” 2011-жылдын 30-июнунда кабыл алынган конституциялык Мыйзам менен кыскача тааныштырып өттү.

Е.Дубровина Россия Федерациясында добуш берүү процессинде шайлоо тизмелери жарандардын ички жана тышкы миграциясынын объективдүү маселесине байланыштуу дагы эле көйгөйлүү маселе экендиги жөнүндөгү ою менен бөлүштү.

РФ БШК мүчөсүн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамга киргизилген жаңылыктар кызыктырды. Маселен, конституциялык Мыйзамдагы “шайлоо дареги” деген жаңы терминдин көп оң жактары бар.

Жаңы мыйзам боюнча шайлоочуга алдын ала жашаган жери боюнча шайлоочулардын тизмесине катталып добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилет. Бул жаңылык шайлоочуларга шайлоо алдындагы процесстерге активдүү катышууга мүмкүнчүлүк берет.  Эскерте кетсек, буга чейин шайлоочу шайлоо күнү катталган жери боюнча же болбосо кошумча тизме боюнча гана добуш бере алган.

Жолугушуу учурунда КР БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна айрым талапкерлердин мөөнөтүнөн мурдагы үгүттөө маселесин да козгоду. Жакынкы күндөрү кээ бир талапкерлер мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт  иштерин баштагандыгы үчүн эскертүү аларын айтып өттү.

РФ БШКнын мүчөсү Е.Дубровина келе жаткан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо россиялык байкоочулардын катышуусу жөнүндө маалымдады.

Эл аралык байкоочу катарында катышууга Россия Федерация тарабынан 350 адам сунушталды, ал эми узак мөөнөттө Кыргызстанда 30 дан ашуун адам болот.

Шайлоого болгон даярдыктар Календарлык план боюнча бардык мөөнөттөрдү сактоо менен өтүп жаткандыгын КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов белгилеп өттү.

 Елена Дубровина Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Евгеньевич Чуровдун атынан Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовго шайлоо учурунда РФ БШКнын укук коргоо органдары менен биргелешип иштешкен иштери жөнүндө тартылган тасмалардын дисктерин жана шайлоо алдындагы процесстерине жалпыга маалымдоо каражаттардын катышуусу тууралуу тиешелүү методикалык материалдарды өткөрүп берди.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>