Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) Кайрылуусу

30-Авг, 2011

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо алдында аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо зарылчылыгы пайда болду.

Аймактык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан курамында экиден бири саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, экиден бири жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн саны он бир адамдан кем эмес мүчөсүнөн түзүлөт.

Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш өтө жооптуу, эл менен аяр жана ак ниет иштей билүүнү талап кылат. Ошону менен бирге эле бул комиссиялар эки жылдык мөөнөткө түзүлөт, ал эми резерв беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, бул аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда жана коргоодо жоопкерчилигин жогорулатат.

Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү окутуу курсунан өтүшөт, аны аяктагандан кийин сертификат алышат. Аймактык шайлоо комиссиясынын резерви он бир адамдан кем эмес болуп түзүлөт.

Төмөндө саналган аймактык шайлоо комиссияларынын резервинин курамын толуктоо зарылчылыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Чаткал, Тогуз-Торо, Майлуу-Суу, Ала-Бука аймактык комиссияларынын, Ош облусунун Чоң-Алай, Алай аймактык шайлоо комиссияларынын, Баткен облусунун Лейлек, Сүлүктү, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо  комиссиясынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоону уюштуруу боюнча (ТИМ) аймактык шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү талап кылынууда. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү ушул кайрылуу жарыяланган учурдан тартып башталат.

Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары комиссиялардын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандын аны комиссияга көрсөтүүгө макулдугун эске алышы зарыл.

Аймактык шайлоо комиссияларынын курамынын саны он бир адамдан кем эмес резервге талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жерин көрсөтүү менен жыйналыштын катышуучуларынын тизмеси тиркелип, ал жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Саясий партиялардан көрсөтүлгөн протоколдор жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана саясий партиянын мөөрү (партиянын аймактык бөлүмүнүн, же саясий партиянын уставынын ченемдерине ылайык) күбөлөндүрүлөт.

Саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн протоколдорго:

-аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө арызы;

-паспортунун көчүрмөсү;

-иштеген, окуган  жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары;

-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору тиркелет.

Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жарандардан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (шаардык, райондук кеңештер) тийиштүү өкүлчүлүктүү органдарында 2011-жылдын 23-сентябрында саат 18-00гө чейин кабыл алынат. Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө протоколдор  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында  2011-жылдын 23-сентябрында саат 18-00гө чейин кабыл алынат.

 

Маалымат алуу телефондору: 66-51-86, 62-08 29

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>