Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов 9-сентябрда …

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов 9-сентябрда парламентке Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалыматты алып чыгат

29-Авг, 2011

Бүгүн, 29-августта, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин  шайлоого карата даярдыктын жүрүшү тууралуу кыскача  маалымат берди. Бүгүнкү күндө шайлоо боюнча бардык нормативдик-укуктук актылар жарыяланып,  участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларына жеткирилди. Шайлоо процесстин финансылык маселелери дагы оң жака чечилүүдө, донорлордон дагы жардамдар түшүүдө. Маселен, Япон Өкмөтүнөн 350 миң АКШ долл. жардам көрөстүлөт.

 “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин у.ж. 9-сентябрында боло турган жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого болгон даярдыктын жүрүшү тууралуу маалыматты алып чыгаарын  төрага Т.Абдраимов эскертти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, эртең, 30-августта келе турган Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсу Елена Дубровина менен у.ж.1-сентябрында жолугуша тургандыгын Т.Абдраимов кабарлады.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы 2011-жылдын 27-августунда республиканын 13 шаарынын мэрлери шайлангандыгы жөнүндө маалымдады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын системалык администраторлору жумушту саботаж кылып жатат имиш деген маалыматка көңүлдөрүн бурду. Борбордук шайлоо комиссиясынын системалык администраторлору мындын аркы ишти андан ары алып барууга даяр экендиги, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулап жаткандыгы  тууралуу белгилеп өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Торобай Кулубаевдин, Жусупжан Пиримбаевдин, Нариман Тюлеевдин, Эркин Булекбаевдин, Мадияр Кулуевдин, Акылбек Жапаровдун, Роман Оморовдун, Анарбек Калматовдун, Сооронбай Дыйкановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

Ушундай эле,  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кубанычбек Исабековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Искендер Эратовдун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акылбек Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Абыкеевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өтөкрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүнүдө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча документтердин формаларын менен үлгүлөрүн  жана  Кыргыз Республикасынын шаарынын мэринин күбөлүгүнүн формаларын бекитти.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 7-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Масалиевдин шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Лю Владимир катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт

Урматтуу  кыргызстандыктар!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!Элибиздин байыркы маданияты, каада-салты, үрп-адаты, руханий мурастары жана улуу дөөлөттөрү тамыры терең улут экендигибизди айгинелеп турат. “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” – деп, айкөл Манас атабыз элди ынтымакка, биримдикке үндөп, бир туунун алдында жашоого чакырган.Эркин эл катары калыптануу, мамлекеттүүлүктү түптөө, эгемендикке жетүү илгертен ата-бабаларыбыздын изги тилеги болгон. Ошол улуу максаттарды ишке ашыруу үчүн далай оор сыноолорду башынан өткөрүп, көз карандысыздык үчүн өмүрүн арнашкан.Бүгүнкү күндөгү бейпил турмушубуз, эгемен мамлекетибиз жана жаркын келечекке болгон ишенимибиз – ата-бабаларыбыздын бизге калтырган баа жеткис мурасы.Ошондуктан, алардын осуятын жана мурасын аздектеп, эгемендүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоо, аны келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.Өлкөбүздө тынчтык, жергебизде ынтымак, мекенибиздин келечеги кең болсун.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!Журналисттердин эмгеги демократиялык принциптерди бекемдөөдө, сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, коомдук пикирди калыптандырууда жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууда зор эмгек жумшап келесиздер. Айрыкча шайлоо процесстеринде жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, шайлоочуларга объективдүү маалымат жеткирүү жана шайлоо институттарына болгон коомдук ишенимди бекемдөө багытындагы кызматташтыгыңыздар өзгөчө мааниге ээ.Жаңы дем, бийик максаттар менен эмгектенип жаткан жумушуңуздар ар дайым ийгиликтер менен коштолсун.  Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз. Элдин ишенимине татыган ак ниет эмгегиңиздер менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коомубуздун биримдигине жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине мындан ары да татыктуу салым кошо бериңиздер!
Кененирээк билүү >>
Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
06-Ноя, 2026

Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 6-ноябрда, Масалиев Исхак Абсаматович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>