Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.Мотуев өз арызын кайра чакыртып алуу тууралуу кайрылды
29 августа 2011
Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн Мотуев Нурлан, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору өз арызын чакыртып алуу тууралуу кайрылды.
Буга чейин өзүн-өзү көрсөткөндөр 4сү: Трофимов Игорь, 1975-ж.т. «Правозащитный центр им.Сергия Радонежского и Манаса Великодушного» ЖЧКнын башкы директору ; Токтоказиев Таалайбек, 1974-жылы туулган, убактылуу иштебеген; Виктор Виноградов, 1954-ж.т., «KGinform.com» маалыматтык порталдын башкы редактору жана Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т.,”МК Азия” газетасынын башкы редактору өз арыздарын чакыртып алышкан.
Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке арыз бергендердин тизмесин 78 адам түздү:
1. Сариев Акылбек, 1962 ж.т., убактылуу иштебейт;
2. Мергенов Марат, 1965 г.р., жеке адвокат;
3. Кудабаев Зарылбек, 1953 ж.т., экономика илимдеринин доктору, Борбордук Азиядагы Американскалык университетинин профессору;
4. Парманов Алмаз, 1973 ж.т., убактылуу иштебейт;
5. Абылов Мамбетжунус, 1954 ж.т., экономика илимдеринин кандидаты, убактылуу иштебейт;
6. Байболов Кубатбек, 1952 ж.т., убактылуу иштебейт;
7. Алымкулов Нурлан, 1959 ж.т., убактылуу иштебейт;
8. Керимбеков Бакыт, 1961 ж.т., «Элдик демилге борборунун» коомдук бирикмесинин Президенти;
9. Карабаева Айсалкын, 1966 ж.т., Ош ш. жеке адвокат;
10. Осоев Арстанбек, 1947 ж.т., пенсионер;
11. Садыков Айбек, 1966 ж.т., убактылуу иштебейт;
12. Арабаев Калыбек, 1942 ж.т., “Чолок-Туума” дыйкан чарбасы жана Асыл-тукум кой өстүрүү чарбасынын жетекчиси;
13. Калбаев Толонбай, 1955 ж.т., Ош шаардык «Көрктөндүрүү» КУнун президенти, «Республика» саясий партиясынын мүчөсү;
14. Камчиев Жамбылбек, 1954 ж.т., аймактардагы таланттарды колдоо үчүн «Куудул-Аралаш» коомдук фондусунун президенти, «Асаба» саясий партиясынын мүчөсү;
15. Апасов Кубанычбек, 1950 ж.т., А.Н.Бакулев атындагы жүрөк-кан тамыр хирургиясынын Илимий борборунун РАМН (Москва ш.) жетектөөчү илимий кызматкери, «Эл Журт» саясий партиясынын төрагасы;
16. Асылбеков Куттубек, 1957-ж.т., «Манас Дүйнөсү» газетасынын редактору;
17. Кудайбергенов Борончу, 1966 ж.т., «Жайсан»ЖЧКнын директору, “Азия-Рекордс” ЖЧКнын башкы директору;
18. Дыйканбаев Толон, 1950 г.р., ж.т., «Пенитенциарный» КФдун негиздөөчүсү;
19. Сулайманкулов Нишанбай, 1947-ж.т., отставкадагы полковник;
20. Ибрагимова Гайша, 1951 ж.т., «Илим» билим берүү комплексинин директору, “Билим берүү мекемелеринин Союзунун” Президенти;
21. Абышев Аскарбек, 1964 - ж.т, “Кыргызспецэкспорт” ЖЧКнын башкы директору
22. Сооданбеков Уланбек, 1973 -ж.т, убактылуу иштебейт;
23. Боромбаев Мурат, 1958 -ж.т., орус тили жана адабияты мугалими;
24. Султанов Марат, 1960 -ж.т., КР Жогорку Кеңешинин депутаты;;
25. Оморов Роман, 1950 -ж.т., техника илимдердин доктору, КР Улуттук Академиясынын Техпаркынын директору, КР Улуттук илимдер Академиясынын “Башкаруу системасынын синергетика жана сызыксыз динамика” лабораториясынын башчысы, Баласагын атындагы КМУнун “Инноватика жана инновациялык иштер” кафедрасынын профессору;
26. Бердикеев Бийназар, 1956 -ж.т., “Энергоспецмонтажстройиндустрия” ЖЧК президенти;
27. Исабеков Кубанычбек, 1957-ж.т., юридикалык илимдеринин кандидаты, КР эмгек сиңирген экономисти, Кыргыз Республикасынын 3-4-чакырылыштарынын Жогорку Кенештин Төрөгасынын орун басары, “Нарын” Кыргыз-Германиялык ЖЧК генералдык директору;
28. Кулуев Мадияр, 1966-ж.т, Бишкек ш. Октябрь районун ИИБ башчысы, милициянын полковниги;
29. Токтогазиев Жумабек, 1958 -ж.т., «Шатен» курулуш фирмасынын директору;
30. Кенжекулов Полотбек, 1951 ж.т., убактылуу иштебейт:
31. Байгуттиев Сейтек, 1965 -ж.т., «Толубай» ЖАК АКБ директорлор Кеңешинин мүчөсү;
32. Пиримбаев Жусупжан, 1954-ж.т., “Реформа” журналынын башкы редактору, “Манас” КТУ экономика кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты;
33. Иманкулов Марат, 1960-ж.т., КР улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, КР УКМКнын Терроризимге каршы борборунун директору;
34. Мактымбаев Калмамат, 1952-ж.т., Камбар-Ата-2 ГЭСинин мастери;
35. Колубаев Торобай, 1969 ж.т., убактылуу иштебейт;
36. Матубраимов Алмамбет, 1952–ж.т., техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси, “Кыргыз Эл Биримдиги” КУ төрагасы;
37. Өмүрбүбү Бегалиева, 1962 –ж.т., “Нусуп аталык” коомдук фондусунун төрайымы, “Силани” ЖЧКнын директору, “Саруу” КУнун төрайымы, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, “Кыргыз эл биримдиги” КУнун мүчөсү;
38. Исаев Жумабек, 1962 ж.т., убактылуу иштебейт;
39. Рустенбеков Жаныш, 1946-ж.т., Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси;
40. Айманбаев Муканбайжан, 1956 ж.т., убактылуу иштебейт;
41. Кадыркулов Качкынбай, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору;
42. Дыйканов Сооронбай, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору;
43. Казакбаев Оомат, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт;
44. Нышанов Назарбек, 1961 – ж.т., “Лига –Антикризис” КУ президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы;
45. Ыбышев Ырыскелди, 1952-ж.т., “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү;
46. Жапаров Акылбек, 1964-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясий партиясынан депутат, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги;
47. Сүйналиев Жаныбек, 1955–ж.т., жумушсуз;
48. Айтикеев Акбаралы, 1958–ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер;
49. Бөлтүрүков Өмүрбек, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору;
50. Иманалиева Асида, 1968–ж.т., убактылуу иштебейт;
51. Турдумалиев Сазыкбай, 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясий партиясынын төрагасы;
52. Каримов Алмазбек, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору;
53. Суваналиев Өмүрбек, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору;
54. Токтосунова Дамира, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт;
55. Султанидинов Сайнидин, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
56. Айтымбетов Эрнис, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти;
57. Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти;
58. Өмүралиев Темиркул, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт;
59. Осмонов Курманбек, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясий партиясынын мүчөсү;
60. Стамбаев Жылдызбек, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт;
61. Нарикеев Тургунбек, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси:
1. Тюлеев Нариман, 1963-ж.т. (“7-апрель Жаштар кыймылы” саясий партиясы);
2. Медетбеков Шамшыбек, 1963-ж.т. (“Эл бийлиги” партиясы);
3. Дыйканов Салморбек, 1953 ж.т., (“Асаба”);
4. Уметалиева Токтайым, 1962-ж.т., (“Жашасын Кыргызстан”),
5. Атамбаев Алмазбек, 1956-ж.т., (“Кыргызстан социал-демократтар партиясы”);
6. Сатыбалдиев Жанторо, 1956 ж.т., («Бакубат Кыргызстан»);
7. Калматов Анарбек, 1963 ж.т («Ар-Намыс»);
8. Асанбеков Темирбек, 1966 ж.т., («Мекен Ынтымагы»);
9. Малиев Арсланбек, 1957-ж.т. (“Аалам-партияда жоктордун партиясы”);
10. Текебаев Өмүрбек, 1958 ж.т., («Ата-Мекен»);
11. Бакир уулу Турсунбай, 1958 ж.т., («Эркин Кыргызстан»);
12. Парманкулов Замирбек, 1971–ж.т., (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” ),
13. Масалиев Исхак (Кыргызстан коммунистеринин партиясы),
14. Ташиев Камчыбек («Ата-Журт»);
15. Мадумаров Адахан («Бүтүн Кыргызстан» – («Единый Кыргызстан»));
16. Булекбаев Эркин (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”),
17. Абдылдаев Арстанбек («Эл үчүн» («За народ»)).
Талапкерлерди каттоо 2011–жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29 –октябрында аяктайт. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
