Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясынын штаттык жүгүртмөсүнө системалык администраторлордун штаттык …

Борбордук шайлоо комиссиясынын штаттык жүгүртмөсүнө системалык администраторлордун штаттык бирдиги 2001-жылдын 1-сентябрынан тартып киргизилет

25-Авг, 2011

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Борбордук шайлоо комиссиясынын системалык администраторлордун кайрылууларына байланыштуу маалыматтар жарыяланып жаткандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдиребиз.

2011 жылдын 30 июнундагы “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын ар бир аймактык шайлоо комиссиясында туруктуу системалык администратору болот. Алар шайлоочулардын тизмесин, референдумдун катышуучуларынын тизмеси боюнча иш алып барышат, жаңыртышат жана такташат.

Мурда системалык администраторлор областтардын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын, республикалык жана облусттук маанидеги шаарлардын мэрияларын, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын штаттык жүгүртмөлөрүндө турушкан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2011-жылдын 12-июлундагы №83  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун чаралары тууралуу” Токтомуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн штаттык жүгүртмөсүнө системалык администраторлордун штаттык бирдигин киргизет.

 “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып облусттардын, райондордун, мамлекеттик администрациялары, республикалык жана облусттук маанидеги шаарлардын мэриялары, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары өздөрүнүн штаттык жүгүртмөсүнөн системалык администраторлордун штаттык бирдигин чыгарып салышкан. Ушул учурдан тартып Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын штаттык жүгүртмөсү бекитилгенге чейин системалык администраторлор менен Борбордук шайлоо комиссиясы эмгектик келишим түзгөн, анын негизинде системалык администраторлордун укугу жана милдеттери  сакталган.

Бүгүнкү күнгө жаңы шайлоо мыйзамга ылайык иштелип чыккан Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын штаттык жүгүртмөсүн бекитүү маселеси чечилген. 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып бардык системалык администраторлор Борбордук шайлоо комиссиясынын штаттык жүгүртмөсүнө киргизилет.

Дагы бир жолу белгилей кетебиз: “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, системалык администраторлор  Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери болуп эсептелинет. Аларды Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын курамына киргизүү Борбордук шайлоо комиссиясынын ички жоболорун шайлоо мыйзамдары менен шайкештикке келтирүүнү талап кылгандыктан убакыттын гана маселеси болгон.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 7-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Масалиевдин шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Лю Владимир катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт

Урматтуу  кыргызстандыктар!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!Элибиздин байыркы маданияты, каада-салты, үрп-адаты, руханий мурастары жана улуу дөөлөттөрү тамыры терең улут экендигибизди айгинелеп турат. “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” – деп, айкөл Манас атабыз элди ынтымакка, биримдикке үндөп, бир туунун алдында жашоого чакырган.Эркин эл катары калыптануу, мамлекеттүүлүктү түптөө, эгемендикке жетүү илгертен ата-бабаларыбыздын изги тилеги болгон. Ошол улуу максаттарды ишке ашыруу үчүн далай оор сыноолорду башынан өткөрүп, көз карандысыздык үчүн өмүрүн арнашкан.Бүгүнкү күндөгү бейпил турмушубуз, эгемен мамлекетибиз жана жаркын келечекке болгон ишенимибиз – ата-бабаларыбыздын бизге калтырган баа жеткис мурасы.Ошондуктан, алардын осуятын жана мурасын аздектеп, эгемендүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоо, аны келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.Өлкөбүздө тынчтык, жергебизде ынтымак, мекенибиздин келечеги кең болсун.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!Журналисттердин эмгеги демократиялык принциптерди бекемдөөдө, сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, коомдук пикирди калыптандырууда жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууда зор эмгек жумшап келесиздер. Айрыкча шайлоо процесстеринде жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, шайлоочуларга объективдүү маалымат жеткирүү жана шайлоо институттарына болгон коомдук ишенимди бекемдөө багытындагы кызматташтыгыңыздар өзгөчө мааниге ээ.Жаңы дем, бийик максаттар менен эмгектенип жаткан жумушуңуздар ар дайым ийгиликтер менен коштолсун.  Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз. Элдин ишенимине татыган ак ниет эмгегиңиздер менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коомубуздун биримдигине жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине мындан ары да татыктуу салым кошо бериңиздер!
Кененирээк билүү >>
Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
06-Ноя, 2026

Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 6-ноябрда, Масалиев Исхак Абсаматович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>