Башкы Жаңылыктар 2016-жылдын 15-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту …

2016-жылдын 15-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Ж.А.Саматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө КР БШК токтомун негиздүү жана мыйзамдуу деп тапты

15-Июл, 2016

8-июлда КР БШК Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эл аралык тапшырманын материалдарынын, анда Ж.А.Саматовдун Россия Федерациясынын граждандыгы фактысы такталгандыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Саматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

КР БШК чечими менен макул болбогон Ж.А.Саматов КР БШК чечими мыйзамсыз деп Биринчи май райондук сотуна талап менен кайрылды. КР БШК чечимин жокко чыгаруунун таризи Ж.А.Саматовдун өкүлүнүн айтуусунда ал Россия сотунун чечимин алуу керектиги, анда Ж.А.Саматов РФ жарандыгын алгандан баш тартат жана РФ жарандыгынын паспортун жараксыз деп тааныйт.

Белгилей кетмекчибиз, Казань шаарынын Авиакурулуш райондук сотунун маалыматына ылайык:

1)    24.05.2016-ж. Жарандык сот өндүрүшү тартибинде иш каралбагандыгына байланыштуу жогорудагы сот тарабынан Ж.А.Саматов РФ жараны эместиги экендигин белгилөө жарандык иш өндүрүшү тартибинде каралбгандыктан кароого алынбаган. Аталган аныктамада Саматов Ж.А. тарабынан “Россия Федерациясынын жараны жөнүндө”  РФ мыйзамынын негизинде тездетилген тартипте Россия жарандыгын алууга арыз берилген, арыз берүүчү РФ жарандыгына кабыл алынганы такталган.

2)    26.05.2016ж. Россия УФМС мыйзамсыз аракеттерине карата Ж.А.Саматовдун доо арыздарын кабыл алуу, Ж.А.Саматовдун РФ жарандыгын алуу жана паспорт берүү мыйзамсыз экендигин таануу четке кагылган, анткени Россия жарандыгын алуу жана токтотуу маселеси административдик сот өндүрүшүндө каралган эмес.

Казань шаарынын Вахитов райондук сотунун маалыматына ылайык:

14.07.2016-ж. РФ жаранынын паспортун берүүнү жараксыз деп табуу жөнүндө Ж.А.Саматовдун арызы боюнча иш өндүрүшү кабыл алынбагандыгы иш граждандык сот өндүрүшү тартибинде каралбагандыгына байланыштуу.

Биринчи май райондук соту өзүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы чечиминде “Россиянын сотторуна үстүбүздөгү жылдын 16 жана 25-июлундагы арыздарында Ж.А.Саматов Россия Федерациясынын паспортун алгандыгын танбайт” жана бүгүн анын доо арызы Биринчи май райондук сотунда каралганда ал парламенттин депутаттыгына кандидаттыкка каттоодо, кийин Жогорку Кеңештин депуттаттыгына каттоодо Россиянын жарандыгынан чыккандыгы тууралуу сотко далил бербегендигин белгилейт.

Биринчи май райондук соту 22.01.1993ж. Минск конвенциясына ылайык  эл аралык укуктук жардамдарды көрсөтүү тууралуу эл аралык тапшырма берүү алкагында КР Башкы прокуратурасы алган материалдар Ж.А.Саматовдо Россия Федерациясынын жарандыгы бардыгын тастыктайт, ушундан улам сот Кыргыз Республикасынын мурдагы депутаты Жыргалбек Саматовдун Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 08.07.2016-ж, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” токтомдорун мыйзамсыз жана жокко чыгаруу доо арызын четке какты.

 

КР БШК Басма сөз кызматы    

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>