Өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоолору дайындалды

25 апреля 2016

Бүгүн, 25-апрелде КР БШКнын отурумунда 2016-жылдын 13-апрелинде өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди.

Кыргыз  Республикасынын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Чуй облустарынын  22 жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо 11-майдан 13-майга чейин өткөрүлөт.

Ошондой эле, БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Ысык-Ата, Жайыл, Токмок, Ноокен, Каракол, Жети-Өгүз жана Лейлек аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитишти.

Мындан тышкары, Чүй облусунун Аламүдүн, Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди.