Дээрлик 2400 шайлоочу добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү ниетин билдиришти
26 марта 2016
Бүгүн, 26-мартта, 2016-жылдын 27-мартына дайындалган кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда айылдык жана шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жүрүп жатат.
Буга чейин 2442 шайлоочу добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү ниети жөнүндө арыз жазышкан.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, мал чарбасынын алыскы участкаларында, шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактардын алыскы жана жетүүгө кыйын жерлеринде убактылуу жашаган шайлоочулар, добуш берүү күнү ооруканаларда, кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары кайтаруу жайларында камалып турган шайлоочулар өзү турган жер боюнча добуш берет.
Түшкөн арыздын негизинде, участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларга добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганга чейин добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Өзүнүн арызында шайлоочу добуш берүү үчүн жайга келеалбагандыгынын себеби жана өзүнүн жеке маалыматтарын көрсөтүүгө тийиш.
БШК басма сөз кызматы
