Автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу жана мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр туралуу тренингдер аяктады

05 марта 2016

24-февралдан 4-мартка чейин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан  «Автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу» жана «жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр» аталышында тренингдер өткөрүлдү.

Атайын өкүлдөр жана системдик администраторлор  шаарлардагы 6 жана  райондордогу 13 аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларында тренингдерди өткөрүп жатышат.

Бул тренингдер 2016-жылдын 27-мартына дайындалган жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоосунун негизинде пландаштырылган иш тартибинин негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралар планына ылайык жүргүзүлөт.

Окутуу Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен жүзөгө ашырылат.

 

БШК басма сөз кызматы