Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп Маматов Кайрат шайланды
03 марта 2016
Борбордук шайлоо кимссиясынын бүгүнкү отурумунда БШКнын мүчөлөрү Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясынын курамын бекитишти.
Бүгүн Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясынын курамы алгач отурумун өткөрдү.
“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык комиссиянын мүчөлөрү өз отурумунда аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлайт.
Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп бир добуштан Кайрат Маматов кайрадан шайланды. Эске сала кетсек, Кайрат Маматов бул кызмат ордун 2012-жылдан тарта ээлейт. Бул убакыттын ичинде ал өзүн жогорку квалификациялуу жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөттү.
