Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2016-жылдын 27-февралында өткөрүлөт

12 февраля 2016

Бүгүн, БШКнын отурумунда 2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календарлык планы жана чыгымдарынын сметасы бекитилди.

БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындады, тактап айтканда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын 26-февралга жана Баткен шаарынын мэрин 2016-жылдын 2-мартына, ал эми Бишкек шаарынын мэрин 27-февралга.  

Ошондой эле, отурумда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдери бекитилди.