Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Бакыт Есенбаеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

09 февраля 2016

Бүгүн, 2016-жылдын 9-февралында КР БШКнын отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакыт Есенбаеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотолгондугу тууралуу токтом кабыл алынды. пайда болгон бош депутаттык мандат, “Бир Бол” саясий партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер Бакиридин Субанбековго өткөрүлүп берилди.

КР БШК Ош облусунун Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады.

Ошондой эле, отурумда 2016-жылдын 27-мартындагы Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн ЖМКларды аккредитацияланды.