ЫЧКТ билдирет: Добуш сатып алуу жөнүндө түшкөн маалымат боюнча текшерүү башталды

 

2021-жылы 14-октябрда КР БШК ыкчам чара көрүүчү координациялык топко №32  ОШК бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нурбек уулу Ормондун добуштарды, ошондой эле Нарынской облусунун Кочкор районунун ички иштер органдарынын кызматкерлерин сатып алгандыгы жөнүндө жаран Н. Бакаевден даттануу түшкөн.

Бул маалымат текшерүү үчүн КР ИИМге жиберилди.

Кыска номер – 1255, WhatsApp – 0990 02-12-55; Ишеним телефону – 0(312) 62-62-46,  Коомдук кабылдама – 0(312) 66-02-40, Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg