Добуш берүү тартиби

Добуш берүү тартиби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 2-июлу N 68

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»

31-берене. Добуш берүү тартиби

1. Шайлоо күнү добуш берүү саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен, ал эми мөөнөтүнөн мурда же кайра добуш берүүдө - добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.

Шайлоо күнү эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жайындагы өз жыйналышында чүчү кулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт:

- добуш берүү күнүндө оператордун ишин контролдоону жана аны менен бирдикте шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзүүчү;

- шайлоочулардын кагаздагы тизмесиндеги жарандарды каттоону жүзөгө ашыруучу;

- шайлоо бюллетендерин берүүчү;

- шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин добуш берүү үкөктөрүнө салышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана шайлоо жабдуусунун операторлору чүчү кулакка катышпайт.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда, ушул участоктун шайлоочуларынын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле орун жайдан тышкары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер турган мөөрлөнүп бекитилген сейфти (шкафты) ачат; сейфтен (шкафтан) шайлоочулардын кагаздагы тизмесин, шайлоочулардын электрондук тизмеси менен башка зарыл жабдууну алып чыгат, шайлоочулардын тизмесине киргизилген санды жарыялайт, өзү көрүп таанышууга жана кагаздагы жана электрондук тизмелерди салыштырууга мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берүү күнү шайлоочуларды каттоого жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесин толтурууга жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, шайлоо участогунун номуру, көзөмөлдөө барактарынын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн көзөмөлдөө барактарын салат. Көзөмөлдөө барактарына ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган жана орун жайдан тышкары добуш берүү үчүн берилген шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда шайлоо бюллетендерин кайра санап чыгат жана санын жарыялайт, андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отурган адамдарга аларды көрүп таанышуу үчүн берет жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган таризине жазат.

Шайлоо бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 100дөн шайлоо бюллетенин берет, алар алганы үчүн кол коет жана шайлоо бюллетендеринин берилишине жооп беришет.

2. Добуш берүү үчүн жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү идентификация боюнча жабдууну колдонуу менен, шайлоочунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоону операторлор менен биргелешип жүргүзөт. Шайлоочуну идентификациялоо аралыктан жана талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосун жана мониторду көрүп тургандай шартта жүргүзүлүүгө тийиш.

Шайлоочунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.

Мында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар үчүн көрүнүктүү жерге илинген монитордо төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:

- бул шайлоо участогунда шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;

- бул шайлоо участогунда ошол учурда идентификациядан өткөрүлгөн жана идентификациядан өткөнү жөнүндө чек алган шайлоочулардын саны;

- идентификациядан өтүп жаткан шайлоочунун фото сүрөтү;

- жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган башка маалыматтар.

Шайлоочуну идентификациялагандан кийин чек чыгарылат. Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо шайлоочуга эки: бирдиктүү шайлоо округу боюнча бир жана бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бир шайлоо бюллетени берилет. Чек шайлоочу тарабынан чекке добуш берүү бюллетенин алмашып берген участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берилет.

Жабдуу ушул шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесине кирген шайлоочуну идентификациялай албаган жана идентификациядан өткөнү жөнүндө чек бербеген ар бир учурда, эгерде идентификациялоо боюнча бир нече ирет көрүлгөн чаралар натыйжа бербесе, шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессин контролдоого жооптуу мүчөсү комиссиянын төрагасына билдирет, андан кийин жабдуунун идентификациялай албаганы жөнүндө эки нускада акт түзөт. Актыга шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессин контролдоого жооптуу мүчөсү, оператор жана тиешелүү шайлоочу кол коёт. Бир нускасы шайлоочуга тапшырылат, ал эми экинчи нускасы шайлоо комиссиясында калат, шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин шайлоо комиссиясы бул актыларды чара көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберет. Мында шайлоочу добуш берүүгө киргизилбейт.

Шайлоочуга чек бербестен шайлоо бюллетенин берген учурда тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.

Добуш берүү үчүн кутуларга салынган шайлоо бюллетендеринин санына негизделген добуш бергендердин саны жөнүндө маалыматтар участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан актыга киргизилет жана округдук, аймактык шайлоо комиссиясына ар бир 2 саат сайын өткөрүп берилет, округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администратору алынган маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына киргизет жана автоматтык түрдө жарыялайт. Добуш берүү үчүн кутуларга салынган шайлоо бюллетендеринин санына негизделген добуш бергендердин саны жөнүндө биротоло маалыматтар дароо же шайлоо участоктору жабылгандан кийин, бирок бюллетендери бар урналар ачылганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.

3. Чүчү кулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо бюллетендерин берүүдө шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номуру коюлат жана шайлоо бюллетенин бергени жөнүндө ага кол коёт.

4. Ар бир шайлоочу өзү үчүн добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.

5. Шайлоо бюллетендери шайлоочунун инсандыгын ырастаган документин көрсөткөндө, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларга берилет.

6. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын тизмесине кол коет.

7. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек. Добуш берүү үчүн үкөктөр добуш берүү үчүн атайы жабдылган эң жакынкы кабинадан бир жарым метрден ашпаган аралыкта, добуш берүү үчүн жайда турган адамдар бюллетендеги белгини көрүп биле албай тургандай жайгаштырылууга тийиш.

8. Президентти шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетениндеги талапкерге тиешелүү чарчыга кимдин пайдасына тандоо жасаганы тууралуу тиешелүү белгини же болбосо "Баарына каршы" позициясына белги коёт;

8-1. Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенине өзү тандаган талапкерге тийиштүү чарчыга тиешелүү белгини же болбосо "Баарына каршы" позициясына белги коёт.

8-2. Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенинин биринчи бөлүгүндөгү саясий партияга тийиштүү бир чарчыга тиешелүү белгини коёт.

Шайлоо бюллетенинин экинчи бөлүгүндө шайлоочу өзү тандаган тиешелүү талапкердин катар номерине тийиштүү бир чарчыга белги коёт.

Эгерде шайлоочу бир дагы саясий партиянын пайдасы үчүн тандоо жасабаган учурда, анда "Баарына каршы" позициясына тийиштүү чарчыга белги коёт.

9. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептеген учурда, ал бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетенин берген мүчөсүнө кайрылууга укуктуу. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочулардын тизмесиндеги ушул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен, ага жаңы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган шайлоо бюллетени керектен чыгарылат, бул жөнүндө акт түзүлөт.

10. Шайлоо бюллетенин алганына өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу, бул үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки билдирет.

Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү жок шайлоочунун өтүнүчү боюнча дайындалган адам иш-аракеттерди шайлоочунун билдирген эркине толук ылайыктуу жасоого милдеттүү.

11. Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар тийиштүү мөөр басылган (пломбаланган), Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо үчүн жана Жогорку Кеңештин депутаттарын бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоо үчүн добуш берүүчү үкөктөргө салышат. Шайлоо бюллетенин добуш берүүчү бөлмөдөн алып чыгууга тыюу салынат. Автоматтык түрдө эсептөөчү урнага бюллетенди таштоонун эрежелеринен кыйналган шайлоочунун өтүнүчү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири же техникалык адис чакырылган учурларды кошпогондо, добуш берүү үчүн үкөктүн жанында шайлоо бюллетенин таштап жаткан шайлоочудан башка адамдардын болушуна тыюу салынат. Добуш берүү үчүн жайда турган адамдарга добуш берүү үчүн үкөктү далдалоого же ага байкоо жүргүзүүгө башка ыкма менен тоскоолдук кылууга тыюу салынат.

12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайындагы тартипке көз салат. Добуш берүү жайында коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, алар тартип орнотулгандан кийин добуш берүү жайынан чыгып кетүүлөрү керек. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү жайында тургандардын баары үчүн милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо, анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясынын ыйгарым укук берилген мүчөсү аткарат.

Добуш берүү үчүн жайга киргизүү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн байкоо жүргүзүүсүнө шайлоочулар топтолушуп, тоскоолдук кылбай тургандай жүргүзүлүүгө тийиш.

13. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын жумушуна катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүүчү жайдан сыртка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

14. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүүчү жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.

15. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.

Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.

Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулгандыгынын натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда, аларды добуш берүү күнүнүн ичинде добуш берүү үчүн пайдаланууну улантууга жол берилбейт.

16. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнүн жана автоматтык түрдө саноочу урналарды пайдалануунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 31-октябры № 173

«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө»

32-берене. Референдумда добуш берүүнүн тартиби

1. Референдум өткөрүү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы жерлердеги бардык участкаларда добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 8-00дөн саат 20-00гө чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясы жарандарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен, ал эми кайра добуш берүүдө добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабардар кылат.

2. Эгерде тизмеге киргизилген, референдумга катышууга укугу бар бардык жарандар добуш берсе, аскер бөлүктөрүндө, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон райондордо, жарандар убактылуу жүргөн жерлерде түзүлгөн участкаларда, участкалык шайлоо комиссиясы жергиликтүү убакыт боюнча 20-00 сааттан мурда добуш берүү аяктады деп жарыялай алат.

3. Референдум өткөрүү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 7-00дө участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн жайдагы өз жыйналышында чүчү кулак аркылуу төмөнкүлөрдү аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт:

референдумга катышуучулардын электрондук тизмесинде жарандардын идентификациясын оператор менен биргелешип жүргүзөт;

- жарандарды референдумга катышуучулардын кагаздагы тизмесине каттоону жүзөгө ашырат;

- добуш берүү үчүн бюллетендерди берет;

- референдумдун катышуучуларынын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, добуш берүү үчүн бюллетендерин добуш берүү үкөктөрүнө салышын контролдоону жүзөгө ашырат.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы, ошондой эле участкалык комиссиянын автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды тейлөөчү мүчөсү чүчү кулакка катышпайт.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын жана башка референдумдун катышуучуларынын катышуусунда, ушул участкадагы референдумга катышуучулардын тизмеси, добуш берүү үчүн бюллетендер жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле орун жайдан тышкары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер турган, мөөрлөнүп бекитилген сейфти (шкафты) ачат; сейфтен (шкафтан) референдумга катышуучулардын кагаздагы тизмесин, референдумдун катышуучуларынын электрондук тизмеси бар башка керектүү жабдууну алып чыгат, тизмеге киргизилген референдумга катышуучулардын санын жарыялайт, визуалдуу түрдө катышуучуларга референдумга катышуучулардын кагаздагы жана электрондук тизмелерин салыштырууга мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берүү күнү референдумдун катышуучуларын каттоого жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесин толтурууга жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, референдумдун башка катышуучуларына участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) ичи бош добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, референдум өткөрүү боюнча участканын номуру, контролдук барактардын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиянын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн контролдук барактарды салат. Контролдук барактарга ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган жана орун жайдан тышкары добуш берүү үчүн берилген добуш берүү үчүн бюллетендеринин саны жөнүндө жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү байкоочулардын, референдумдун башка катышуучуларынын катышуусунда добуш берүү үчүн бюллетендерин кайра санап чыгат жана санын жарыялайт, андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отурган адамдарга аларды көрүп таанышуу үчүн берет жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган добуш берүү үчүн бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган формасына жазат.

Добуш берүү үчүн бюллетендерди кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 100дөн добуш берүү үчүн бюллетендерди берет, алар алганы үчүн кол коюшат жана берилишине жооп беришет.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бардык учурларда "макул" топтун, "каршы" топтун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, саясий партиялардын жана башка коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышууга укуктуу.

4. Добуш берүү үчүн жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү операторлор менен биргелешип референдумдун катышуучусунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоону жүргүзөт.

Референдумдун катышуучусунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоо үчүн референдумдун катышуучусунун макулдугу талап кылынбайт.

Мында байкоочулар жана референдумдун башка катышуучулары үчүн көрүнүктүү жерге илинген монитордо төмөнкү маалыматтар чагылдырылат:

- референдумду өткөрүү боюнча участкада референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;

- референдумду өткөрүү боюнча участкада учурда добуш берген референдумдун катышуучуларынын саны;

- жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган башка маалыматтар.

Референдумдун катышуучусун идентификациялагандан кийин чек чыгарылат. Чек референдумдун катышуучусу тарабынан чекке добуш берүү бюллетенин алмаштырып берүүчү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берилет.

5. Добуш берүү үчүн бюллетендерди алууда референдумга катышуучулардын кагаздагы тизмесине референдумдун катышуучусунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номери жазылып коюлат. Референдумдун катышуучусу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана бюллетенди алгандыгы тууралуу референдумга катышуучулардын кагаздагы тизмесине кол коет.

6. Ар бир референдумдун катышуучусу өзү үчүн добуш берет, референдумдун башка катышуучулары үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.

7. Добуш берүү үчүн бюллетень референдумдун катышуучусу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жер добуш берүү үчүн бюллетенди толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек.

8. Эгерде референдумдун катышуучусу добуш берүү үчүн бюллетенди толтурууда ката кетирип алдым деп эсептеген учурда, ал бузулган добуш берүү бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн бюллетенин берген мүчөсүнө кайрылууга укуктуу. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү референдумга катышуучулардын тизмесиндеги ушул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен, ага жаңы добуш берүү үчүн бюллетенди берет. Бузулган добуш берүү үчүн бюллетень керектен чыгарылат, бул жөнүндө акт түзүлөт.

9. Эгерде референдумдун катышуучусу референдумга коюлган маселени кабыл алуу үчүн добуш берсе, "Макул" деген сөздүн астындагы квадратка "V" белгисин же кандай гана болбосун башка белги коёт. Эгерде референдумдун катышуучусу референдумга коюлган маселеге каршы добуш берсе, "Жок" деген сөздүн астындагы квадратка "V" белгисин же кандай болбосун башка белги коёт.

Референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары коюлган учурда, референдумдун катышуучусу бир гана вариантты тандап алууга укуктуу.

Референдумга бир нече маселелер коюлган учурда, референдумдун катышуучусу ушул бюллетендин башка суроолоруна жоопторуна карабастан, ар бир суроого жооп берүүгө тийиш.

Референдумдун катышуучусу толтурулган добуш берүү үчүн бюллетенди участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көз алдында турууга тийиш болгон добуш берүү үчүн үкөккө салат.

10. Эгерде референдумдун катышуучусу добуш берүү үчүн бюллетенин алганына өз алдынча кол коюуга жана добуш берүү үчүн бюллетенди толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана байкоочуларды кошпогондо, ал башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу. Референдумдун катышуучусуна жардам берген адам референдумга катышуучулардын тизмесиндеги "Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетенин алгандыгы тууралуу жарандын колу" деген графада өзүнүн фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтөт жана кол коет.

Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү жок референдумдун катышуучусунун өтүнүчү боюнча дайындалган адам ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн иш-аракеттерди шайлоочунун эркине толук ылайыктуу жасоого милдеттүү.

11. Толтурулган добуш берүү үчүн бюллетендерин референдумдун катышуучулары добуш берүүчү мөөр басылып бекитилген (пломбаланган) үкөктөргө салат. Добуш берүү үчүн бюллетенди добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат.

Добуш бергендердин саны жөнүндө маалыматтар ар бир 2 саат сайын референдумду өткөрүү боюнча аймактык комиссияга берилет, референдумду өткөрүү боюнча аймактык комиссиянын системалык администратору алынган маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына киргизет жана автоматтык түрдө жарыялап турат. Берилген чектердин санына негизденген, добуш берген референдумдун катышуучуларынын саны жөнүндө биротоло маалыматтар референдум участоктору жабылгандан кийин, бирок бюллетендер салынган урналар ачылганга чейин дароо Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайдагы тартипке көз салат. Добуш берүү үчүн жайда коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, алар тартип орнотулгандан кийин добуш берүү үчүн жайдан чыгып кетүүлөрү керек. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо жүрүмүнүн катышуучуларынын укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү үчүн жайда тургандардын баары үчүн милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо, анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же ал тарабынан ыйгарым укук берилген ушул комиссиянын башка мүчөсү аткарат.

13. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же болбосо Кыргыз Республикасынын жаранынын өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын жумушуна катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүү үчүн жайдан сыртка чыгарылат. Бул тууралуу чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алынат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

14. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүү үчүн жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.

15. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.

Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.

Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулгандыгынын натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда, аларды добуш берүү күнүнүн ичинде добуш берүү үчүн пайдаланууну улантууга жол берилбейт.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 14-июлу N 98

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»

31-берене. Добуш берүү тартиби

1. Шайлоо күнү добуш берүү саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, кайра добуш берүүдө добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочуларга кабарлоого милдеттүү.

2. Шайлоо күнү эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүчү жайдагы өз жыйналышында, чүчүкулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт, алар:

1) оператор менен биргелешип шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзөт;

2) жарандарды шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттоону жүзөгө ашырат;

3) шайлоо бюллетендерин берет;

4) шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин добуш берүү ящиктерине салышын контролдоону жүзөгө ашырат.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды тейлөөчү мүчөсү чүчүкулакка катышпайт.

3. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда ушул участкадагы шайлоочулардын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле жайдан сырткары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер салынган, мөөр басылып бекитилген сейфти ачат, сейфтен шайлоочулардын кагаздагы тизмесин, шайлоочулардын электрондук тизмеси менен башка зарыл жабдууну алып чыгат, тизмеге киргизилген шайлоочулардын санын жарыялайт, андан кийин аны добуш берүү күнү шайлоочуларды каттоо жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесин толтуруу үчүн жооптуу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет.

4. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып отурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө автоматтык эсептөөчү ичи бош урналарды көрсөтөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн автоматтык эсептөөчү урналарга контролдук барактарды салат, аларда шайлоо участкасынын номуру, автоматтык эсептөөчү урналарга контролдук барактар салынган убакыт, шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын фамилиялары көрсөтүлөт, андан кийин урналар участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып бекитилет (пломбаланат).

Туруктуу орнотулган ящиктер пайдаланылган учурда шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн бош ящиктерди ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдарга көрсөтөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн ящиктерге контролдук барактарды салат, аларда шайлоо округунун аталышы, шайлоо участкасынын номуру, добуш берүү үчүн ящиктерге контролдук барактар салынган убакыт, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, алардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлөт. Контролдук барактарга ушул адамдар кол коюшат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, андан кийин добуш берүү үчүн ящиктер участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып бекитилет (пломбаланат).

5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын жарыя кылат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусу менен шайлоо бюллетендерин кайрадан санап чыгат жана алардын санын жарыя кылат, андан соң участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы буга катышкан адамдарга аларды карап көрүүнү сунуш кылат жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколдун 2-сабына жана анын чоңойтулган формасына жазат.

6. Шайлоо бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 50-100дөн шайлоо бюллетенин таратып берет, алар алгандыгы жөнүндө кол коет жана шайлоо бюллетендеринин берилиши үчүн жооп беришет.

7. Добуш берүү үчүн жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү операторлор менен бирдикте шайлоочунун биометрикалык жана (же) жекече маалыматтары боюнча аны идентификациялоону жүргүзөт.

Шайлоочуну анын биометрикалык жана (же) жекече маалыматтары боюнча идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.

Мында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана байкоочуларга көрүнө турган жерге илинген монитордо төмөнкү маалыматтар жазылып чыгат:

1) ушул шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;

2) ушул шайлоо участогунда ошол учурга карата идентификациялоодон өткөн жана идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек алган шайлоочулардын жалпы саны;

3) идентификациялоодон өтүүчү шайлоочунун сүрөтү;

4) жабдуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте аныкталган башка маалыматтар.

Шайлоочу идентификациялангандан кийин чек басылып чыгат. Шайлоочу чекти участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө көрсөтөт, ал чектин ордуна добуш берүү үчүн бюллетень берет.

Добуш бергендердин саны жөнүндө маалыматтар ар бир 2 саатта аймактык шайлоо комиссиясына берилет, аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администратору Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына киргизет жана алынган маалыматтарды автоматтык түрдө жарыялайт. Берилген чектердин санына негизденген добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө акыркы маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо участкалары жабылгандан кийин, бирок бюллетендер менен урналар ачылганга чейин берилет.

8. Шайлоо бюллетендерин берүүдө чүчүкулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттайт. Шайлоочу бюллетенди алгандыгы жөнүндө ага кол коёт.

9. Ар бир шайлоочу жеке өзү добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.

10. Шайлоо бюллетендери шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларга шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документти жана чекти көрсөткөндүгү боюнча берилет.

11. Добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенин алганда шайлоочулардын кагаздагы тизмесине шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номери жазылат. Шайлоочу туура жазылышын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коет. Бир нече шайлоо бюллетендери боюнча бир убакта добуш берүү өткөрүлгөн учурда шайлоочу ар бир шайлоо бюллетени үчүн кол коет.

12. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жайда толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган бөлөк жай шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эрк-ниетин билдирүүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүн камсыз кылууну эске алуу менен даярдалууга же орнотулууга тийиш.

13. Пропорциялуу система боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочу саясий партияга тиешелүү квадратка өзү тандагандын пайдасына же болбосо "Баардыгына каршы" деген орунга тиешелүү белги коет.

Мажоритардык система боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенинин алардын пайдасына тандалган талапкерлерге тиешелүү квадраттарына же болбосо "Баардыгына каршы" деген квадратка тиешелүү белги коет. Шайлоочу добуш берүүчү талапкерлердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашпоого тийиш.

14. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептесе, ал шайлоо бюллетенин берген участкалык шайлоо комиссиясынын бюллетень берген мүчөсүнө бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочулардын тизмесинде бул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен жаңы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган шайлоо бюллетени керектен чыгарылып, ал жөнүндө акт түзүлөт.

15. Шайлоо бюллетенин алгандыгы тууралуу өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу ал үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки кабарлайт.

Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүндүгү жок шайлоочунун өтүнүчү боюнча дайындалган адам шайлоочунун эркин билдирүүсүнө толук ылайык келген аракеттерди жасоого милдеттүү.

16. Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар добуш берүү үчүн мөөр басылып бекитилген (пломба коюлган) ящиктерге салат. Шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат.

17. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайдагы тартипке көз салат. Добуш берүү үчүн жайда коомдук тартип бузулган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, тартипке салгандан кийин алар добуш берүү үчүн жайдан чыгып кетүүгө тийиш. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү үчүн жайындагы катышуучулардын баары үчүн милдеттүү болот. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укук берилген бул комиссиянын башка мүчөсү аткарат.

18. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же болбосо Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын ишине катышуудан токтоосуз четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүү үчүн жайдан тышка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

19. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнүндө коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүү үчүн жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.

20. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиянын катышып отурган бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.

Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган ящикти пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышып отурган бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.

Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулгандыгынын натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда, аларды добуш берүү күнүнүн ичинде добуш берүү үчүн пайдаланууну кайра жаңыртууга жол берилбейт.

(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158, 2016-жылдын 21-январындагы N 8, 2019-жылдын 8-августундагы N 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)